Роза Отунбаева Аида Салянованын соту боюнча президентке кайрылуу жасады

Роза Отунбаева Аида Салянованын соту боюнча президентке кайрылуу жасады

КРнын президенти 

С.Ш. ЖЭЭНБЕКОВго 

КРнын экс-президенти

Р.И.  ОТУНБАЕВАдан

​​​​​​​

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

​     Биз Сиз менен бирдикте ыңкылаптан кийинки өтө татаал учурда чогуу иштедик, өлкөдөгү мыйзамдуулукту калыбына келтирип, кайрадан мамлекеттик бийликке болгон ишенимди кайра жаратууга жан үрөдүк. Ошентип биргелешип гана ийгиликке жете алдык. Биздин жана Сиздин аракеттерибиздин арты менен бүгүнкү күнү өлкөдө тынчтык менен бейпилдик орноп, улуттар аралык ынтымак бекемдеди. Ал эми Кыргызстандын жарандары өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй шайлоолорго катышууну үйрөнүштү, ошонун натыйжасында акылман, сабырдуу мамлекет башчысын тандап алышты деп ишенем.

Мен Сизди жакшы билем, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күйгөн кишисиз, мыйзамдуулук менен адам укугун сыйлай билген, ал үчүн чын жүрөктөн күйгөн, принцибинен тайбаган мамлекеттик ишмерсиз.

Президентти жалпы элдик шайлоо менен добуш берип жатып, биздин өлкөнүн жарандары өлкө башчысына эң негизги милдеттерди тапшырды, алардын бири бийликтин бардык бутактарынын үстүнөн калыс болуу милдети, демек тепсендиде калган адилеттүүлүктү калыбына келтирген эң калыс жана бийик соттун милдети берилген.

Мен кеңири коомдук резонансты жараткан экс-депутат, экс-башкы прокурор А.Ж.Салянованын үстүнөн жүргөн сот процессине Сиздин көңүлүңүздү бургум келет.

Мыйзам адам укугуна – жарандык, кесипкөйлүк жана башка укуктарына кепилдик берет. Ошону менен бирге Мыйзам анын жоопкерчилигин да аныктайт. Бул анын эң бийикте тургандыгы, мамлекеттин эң башкы милдети болгон – адилеттүүлүктү камсыз кылуу – эң негизги кепилдиги. 2010-жылы Адилет министри А.Салянова мыйзамдын бир тамгасынан тайбай, А.Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген, анткени баш тартууга эч кандай мыйзамдуу негиз болгон эмес. Кийин Башкы прокурор А.Салянова тарабынан А.Елисеевге карата кылмыш иштери козголгон, кол алдындагы прокурорлор кылмыш мыйзамынын эң оор беренелери боюнча ага каршы айыпты колдоп турушкан.

А.Саляновага каршы иш соттолгон кишинин адвокаттык лицензиясы узартылган деген абсурд күнөө коюу менен түзүлгөн. Бирок А.Елисеев лицензия берилгенден соң, араң үч жылдан кийин соттолуп олтурат! Болгондо да Елисеевге соттун өкүмү Адилет министринен Башкы прокурор кызматына барган А.Салянова тушунда козголгон иштен улам чыккан.

Эмнеге бүгүнкү күндө А.Салянованы соттоп жатышат? Мыйзамды так аткаргандыгы үчүнбү, укукту, жазаны сактай билгендиги үчүнбү? Бирок бул дал ушул Мыйзамды так сактай билгендигин далилдеп жатпайбы?! А.Салянованын адвокаттары сотко анын күнөөсү жок экендигин далилдеген көптөгөн аргументтерди, аны менен бирге айып коюунун абсурд экендигин келтире алышты. Мен бирөөсүн гана мисал кылдым. А сот адилеттүү боло алдыбы?

Ленин райондук соттогу териштирүүлөр (сот К.К.Касымбеков)  тараптардын бирдей укуктарын камсыз кылган бардык процессуалдык нормаларды бузуп, өтө тездик менен өттү. Шашкалактаган сот жарыш сөз учурунда адвокатка да, айыпталуучуга да сөз бербей, айыпталуучунун акыркы сөзүн айтуу укугунан пайдаланып калууга да жол бербеди, а бул кылмыш процессинин пайдубалы, базалык шарты!

Биринчи инстанциядагы соттун жүйөөлүү мааниге карабай, уятсыздык менен мөөнөтүн узартуу менен болсо да А.Саляновага 5 жыл берди, бул эмнеден кабар берет? Коом соттун адилеттүү чечим чыгарганына ишенбестиги аны ойлондуруп да койгон жок.

Бишкек шаардык сот менен да алдын-ала сүйлөшүлгөнү ачык көрүнүп турат. Төрагалык кылган сот И.Воронцова А.Салянова өзүн жаман сезгенине карабай, аны врачтар тастыктаса да, сот отурумдарын тыкыр графикке коюп келди. Доктурлар А.Саляновага олуттуу диагноз коюшту – жүрөктүн кош клапаны начарлап (двойной порок сердца) жана бир катар кардиологиялык оорулар күчөгөн. Ошого карабай, И.Воронцованын тапшырмасы менен прокурорлор коюлган диагнозду кайра текшерип, врачтарды көрсөтмө берүүсү үчүн сотко чакырышты! Атүгүл диагноз тастыкталып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан стационардык дарылануу зарыл экени белгиленсе да, сот соттук ишти улантууга белсенип турат, бул кыйноо менен барабар! Бул жагдайлардын баары Аида Салянованын үстүнөн жүргөн сот процессинин толук мыйзамсыз экендигин четте турган киши деле билип калды. Жарандар юриспруденцияны ийне-жибине чейин билүүгө милдеттүү эмес, бирок алар сотто Мыйзам камсыз кылган адилеттүүлүк болоруна ишенүүгө милдеттүү.

​​Ошондон улам мен Сизге кайрылып жатам, урматтуу Президент, Сиз эл алдында адилеттүүлүктүн эң башкы кепилдигисиз!

Өлкөбүздө адилеттүүлүк үчүн күрөш жүрүп, эки жолу ыңкылап болуп өттү, адилетсиз өлкө башчылары тактыдан кулатылды, аларга юридикалык да, саясый да баа берилди. Бирок 25 жыл ичинде бир гана сот корпусу эч кандай жаза алган жок, алар мурдагыдай эле адилетсиздиктин тамырын жайылтып келишет. Жаза алынбаганда, мыйзамсыздык жаралат!

Соңку жылдары бийик трибуналардан сот системасынын кризиси жөнүндө айтылып келет – чала сабат соттук чечимдер менен коррупция жөнүндө айтылып эле келатат. Сот реформасы боюнча мыйзамдардын топтому кабыл алынды, алар бир жылдан кийин гана күчүнө кирет, а адамдардын тагдыры – ушундай тилалчаак, күнкарама, принциби жок соттор тарабынан — бүгүн чечилип жатат. Миңдеген адамдардын тагдыры!

Мен Сиздин аппаратыңыздагы жаңы адамдарга А.Салянованын иши боюнча “объективдүү, адилеттүү карап чыккыла” деген тапшырма беришиңизди өтүнөм. Бул Президенттин көзөмөлү астында өлкөбүздө мыйзамдуулукту калыбына келишине далил боло алмакчы, адам менен жарандын укугун жана эркиндигин бузууга каршы тосмо эртең эмес, бүгүн боло алат! Бир эле иштеги Сиз камсыз кылган принципиалдуулук менен мыйзамдуулук башка миңдеген иштердеги соттук корпустун багыты болуп каларына толук ишенем.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.