Салянованы жактап сот залына батпай калган калк 22-майда кайра келишет!

Салянованы жактап сот залына батпай калган калк 22-майда кайра келишет!

“Аида акталыш керек!”

Бүгүн экс-депутат Аида Салянованын сот отуруму Жогорку Сотто каралды. Аида Жеңишбековнаны жактап агылган эл келди. Сот залы толуп, коридордун сыртына чыгып калышты. Атүгүл Жогорку Соттун тышына чейин сот чечимин күтүп турушту… Сотко Жогорку Кеңештин депутаттары: К.Иманалиев, А.Шыкмаматов, Н.Никитенко жана экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева, активист жарандар Өндүрүш Токтонасыров, Мавлян Аскарбеков келишти. “Аида акталыш керек!” деген жазылган плакатын көтөрө келген Өндүрүш агабыз көпчүлүктүн көңүлүн бурду…

Соңунда Салянова жарыш сөзүн сүйлөп, сот 22-майга калды

Соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор А.Салянованын айыбын угузуп, буга чейинки райондук, шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова сөз сүйлөп, прокурордун суранычын четке кагып, соттук териштирүүдө, иликтөөдө Аида Салянованын айыбы далилденбегенин баса белгиледи. Соңунда Аида Саляновага сөз берилип, жарыш сөзүн сүйлөдү. Салянова да өзүнө коюлган айыпты четке кагып, айыбы далилденбегенин, Жогорку сот адилеттүүлүк, калыстык менен карап, туура чечим чыгараарына ишеним артаарын айтты. Ошентип, Жогорку соттун чечими 22-майга калды. Коридордо, Жогорку Соттун алдында соттун чечимин күткөн калың эл, дал ошол күнү дагы келишерин, дегеле Аида Салянова акталмайын келе беришерин айтышты…

Эскерте кетсек

Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. 3-мартта БШК Аида Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Мандатын кайрып алууга мүмкүнчүлүк бар экен

Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүндүгү, юридикалык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар экендиги тууралуу “Азаттыкка” билдирген.

Айгерим КУДАЙБЕРГЕНОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.