Исхак МАСАЛИЕВ: “Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу керек, себеби, Кытайдан алынган акчага тиешеси бар”

Исхак МАСАЛИЕВ: “Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу керек, себеби, Кытайдан алынган акчага тиешеси бар”

Бүгүн Жогорку Кеңеш көптөн күткөн маанилүү маселе: Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын кароодо. Бул боюнча буга чейин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу угулду, учурда талкуу жүрүүдө.

Талкууда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча ачуу чындыкты айтты. Анын кол тийбестик макамын алууну сунуштап, Кытайдан насыя алууга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экендигин баса белгиледи. “Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн, “390 миллион доллар кредит алуу керек!”,- деп. Президент түзмө-түз каржы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү кредит президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип атса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул «эл аралык мамилеге таасир берет, Кытай менен достук бузулат» дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканы, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. Узурпация деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелинет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш берем. Ал киши мыйзам алдында «баары тең» деп бир топ жолу айткан. Керек болсо «мен да жооп берем» деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары «бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз» деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум, мурунку президенттин кол тийбестигин алуу керек!”,-дейт депутат Исхак Масалиев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.