Карганбек САМАКОВ: “Темир тор аркасынан чыккан үнүм дарегине жетсе дейм”

Карганбек САМАКОВ: “Темир тор аркасынан чыккан үнүм дарегине жетсе дейм”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген айкөл адам, кыргыз дегенде жанын берген патриот кулунубуздун кайрылуусун кунт коюп угуп койсоңуздар!

 КРнын Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго,
Жогорку Кеңештин депутаттарына,

Жогорку сотунун төрайымы А.А. ТОКБАЕВАга,
Башкы прокурору Ө.А. ЖАМШИТОВго,

КРнын Акыйкатчысы К.Т.ОТОРБАЕВге

Укук коргоочуларга жана журналисттерге
К.С. САМАКОВдон

 К А Й Р Ы Л У У

 Урматтуу Сооронбай Шарипович!
У
рматтуу Жогорку Кеӊештин депутаттары!
У
рматтуу Айнаш Абдымановна!
У
рматтуу Өткүрбек Асилбекович!
У
рматтуу Кубат Табылдиевич!
У
рматтуу журналисттер!

      Темир тордун аркасынан чыгып аткан үнүм Сиздерге жетээр деп кайрылып жатканым. Сиздер баштап алган ишиӊердин деми биз жаткан №1 СИЗОго жетип атат. Коопсуздук кеӊешинде мамлекет башчыбыз укук коргоо органдарынын жетекчилерин сынга алганы калыӊ элдин үмүтүн жаратты. Чыркыраган чындыкты мурдагы бийликтин кулагына жеткизе алышпай, акыйкатка суусап жетпей жүргөн элдин үнүн Сооронбай Жээнбековдун өз оозунан уктук. Укук коргоо органдары тарабынан тебеленип жаткан адам укуктарын, соттордо сынып жаткан негизсиз козголгон кылмыш иштери жөнүндө ачуу чындыкты жашырбай бетке айтты. Ага кээ бир саясатчылар катуу чычалашты.

Президентибиз эл тарабынан айтылып жаткан кемчиликтерди таамай атап, күч органдарынын жетекчилерине аларга карата тиешелүү чараларды көрүүгө убакыт берди. Бирок сынга алынган кээ бир чиновниктер өз кызматтарын жетишээрлик деӊгээлде аткарганга даяр эместигин көрсөттү. Буга Башкы прокурордун, УКМК төрагасынын, ИИМ министринин жана башкалардын отставкага кеткендери дагы бир далил болду. Эскиче иштеп көнүп алгандар буга чейинки иштери боюнча отчет бергенге да жарашкан жок.

Жогорку Кеӊештин депутаттары да четте турган жок. Алар мыйзам бузуу фактыларын атап чыгып, күнөөлүү чиновниктер жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты. Жаӊы бекиген Башкы прокурорубуз элдин нараазычылыгын жараткан “чуулгандуу” иштерди текшерип чыгаарын айтты.

Башмыйзамдын күнүнө арналган куттуктоосунда Сооронбай Шарипович адам укугун, эркиндиктерин бузбаган өлкөнүн келечеги кеӊ болоорун эске салды. Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо мамлекетибиздин башкы максаттарынын бири катарында каралаарын айтты.

Мунун баары жаӊыланууга, тазаланууга саясий эрк бар экендигин элибизге тастыктап турат. Уинстон Черчилль айткандай, “өкүм зордук туӊгуюкту көздөй ишенимдүү баратканда, демократия чалынып болсо да чындыкты көздөй жол тартат”. Мамлекеттик кызматта иштеген миӊдеген адамдардын арасында өз кызматына дал келбегендер болбой койбойт. Ошондуктан мындай чоочундардан жана “кой терисин жамынган карышкырлардан” тазаланууну көздөгөн Президентибиздин жана Жогорку Кеӊешибиздин аракеттери элибиздин кеӊири колдоосуна ээ болду.

Укук коргоо жана сот органдарынын ишиндеги кемчиликтерге мен өзүм далил болуп турам. Аламүдүн районундагы 2008-жылдагы болуп өткөн трансформация боюнча козголгон кылмыш ишинде 2015-жылдын май айынан тарта башында шектелүүчү, кийин – соттолуучу болуп келатам.

Анын арасында укук коргоо жана сот органдарында адам укуктарын тартынбай эле тебелеп-тепсегендер, Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстердин талаптарын көзгө илбегендер бар экенине көзүм жетти.

Бул кайрылууда тергөө жана сот учурунда кетирилген бардык бузууларды алардын көптүгүнөн санап берүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, арасынан эске түшкөн айрымдарын гана айтып берейин.

  1. Уулума, анын эки жакын досуна, менин эки мурдагы жардамчыларыма кылмыш иши козголбой туруп кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Иштин материалдарында кылмыш ишин козгоо боюнча үч токтом тиркелген, бирок алардын баары мамлекеттик кызматтардагы адамдарга карата козголгон экен. Ал эми мен жогоруда атаган беш жигиттин бирөөсү дагы трансформация жүрүп жаткан кездемамлекеттик кызматкер болуп иштеген эмес.
  2. Тергөө иштин караштуулугун бузуу менен жүрдү жана сотко жөнөтүлгөндө жазык иштеринин сотко караштуулугун бузуу менен жөнөтүлгөн. Анткени, айыптоочулардын сөзү боюнча трансформацияга ошол кездеги Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы Жаныш Бакиевдин катыштыгы бар деп жатышпайбы. Эгерде андай болчу болсо, тергөө жүрүп аткан кездеги күчүндө турган жоболорго ылайык бул кылмыш ишти аскердик прокуратура тергеп, аскердик сот карашы керек болчу (КР ЖПК 163-берененсинин 3-1-бөлүгү, 240-беренесинин 4-бөлүгү). Же болбосо, Жаныш Бакиевге карата жазык иши өзүнчө ишке чыгарылышы керек болчу. Экөөнүн бирөөсүн дагы кылышкан жок.
  3. Тергөөнүн жүрүшүндө Жазык-процесстик кодекстин жоболору дүӊүнөн бузулган экен. Тергөөчүлөр күбөлөрдү коркутуп-үркүтүүлөр, “өзүндү камап жиберем” деген фактылар ачыкка чыкты. Күбөлөрдү өзү түшүнбөгөӊ тилде жазылган сурактын протоколдоруна кол койдуртуп жүрүштү. Мисалы күбө орусчаны түшүнбөсө, протоколду атайлап орусча жазып жатышты. Бир топ күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эмне себептен грамматикалык катасынан бери коёндой окшош болуп калды десе, аларды тергөөчү өзү жазып берген текстке кол коюдуруп коюшкан экен. Кылмыш жоопкерчилигине эбак эле каза болгон кишилерден бери тартышты. Мисалга, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын арасында маркум Медет Садыркулов дагы бар экен. Айылда жашаган көзү азиз абышканы алып келип, Самаковдун Жаныш Бакиев менен чогуу жүргөнүн көргөм деген көргөзмөгө алдап, кол койдуруп алышкан. Сотто суралып жатканда аксакал: “кол койгон кагазды окуган эмесмин. Ал эми Самаковду же Бакиевди кайда, кантип жүргөнүн кантип көрмөк элем, мурда эле оруудан улам көзүм көрбөй калса”,-деди. Прокуратура чакырган айыптоочу күбөлөр дээрлик бардыгы мага же башка соттолуучуларга карата эч кандай дооматтарынын жоктугун ырасташты. Бакиевдерди бирөөсү дагы атаган да жок. Аны өз көзү менен көргөндөр жок экен күбөлөрдүн арасында.
  4. Октябрь райондук соту иштеги далилдерди толук жана ар тараптуу изилдөө талабын сактабай өкүм чыгарды (КР ЖПКнин 310-беренесинин 1, 3-бөлүгү).

2016-жылдын январынан 2017-жылдын июнуна чейин соттук териштирүүнү Адамкулов деген судья алып барды. Ал учурда 50дөн ашуун соттук отурумдар өтүп, жазык иштин негизги 15 тому жана кошумча бир нече кошумча томдору излденген. 61 күбө, 9 соттолуучу суракка алынды, айыптоочу жана жактоочу тараптар жарыш сөздү сүйлөп, акыркы сөзүн дагы айтып бүттү. Бирок, бүтүп калган иш боюнча өкүм чыгаргандын ордуна Октябрь соту ишти карап жаткан судьяны алмаштырды. Адамкулов ооруп калды деген шылтоосу жалган экенин, ошол эле судья биздикинен бөлөк иштерди карап жатканы менен тастыкталды. Анын ордуна келген судья Д.Назаров келээри менен, “бизди, эӊ негизгиси, териштирүүнүн ылдамдыгы кызыктырат” деп айтты. Ал сөзү адвокаттар диктофонго жазып алган аудиозаписте турат. Башкача айтканда, бул судьяны иштин анык-чынына жетүү эмес, анын эрте бүткөндүгү гана кызыктырып турду. Ошол ниети ишти жүргүзгөнүнөн дагы билинди. Биринчи судья суракка алган 61 күбөнүн ичинен экинчи судья 5 күбөнү гана сурады. “Иштин ичиндеги далилдерди изилдөөнүн кажети жок, анткени алар менен баарыӊар эле таанышсыӊар” деп койду дагы бирөөсүн дагы изилдетпей койду. Өкүмдү шашып-бушуп иш убактысынын бүткөндүгүнө карабай 2017-жылдын 19-декабрнда түнкү саат 12ге жакын жарыялады.

  1. Тергөөчүлөр мыйзамсыз трансформация фактысы боюнча деп ишти козгоп алышып, мыйзамсыз трансформациянын фактысын кийин жасалма жол менен өздөрү жасап алышты. Иштин матералдарында ошол кездеги Башкы прокурордун эки орун басары “козготуп алган ишибизди кантип мыйзамдаштырабыз” деп кеӊешип жазышкан каттары чыкты. Анда алардын тапкан жолу мындай болду. Өкмөткө трансформацияны жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алып бергиле деп талап коюшубуз керек дегенге токтошту. Тилекке каршы, бул мыйзамсыз аракеттери ишке ашты. Ошондуктан мыйзамсыз трансформация фактысы боюнча № 150-14-157 сандагы жазык иши 2014-жылдын 31-июлда козголуп жатса, аталган трансформациянын өзү 2015-жылдын 3-сентябрдагы № 616-Өкмөттүн токтому менен жокко чыгарылды. Жазык иштин козголгон күнүнөн 1 жыл 1 ай өткөндөн кийин!
  2. Бул иште жабырлануучу тарап жана келтирилген зыян жок.

Мамлекетке зыян келтирилген жок, анткени:

— трансформациядан өткөн жерлер 1999-жылдан бери жеке менчикте болуп келатат;

— жерди саткандардын жана сатып алгандардын акчалары жеке менчик, мамлекеттик же муниципалдык бюджетке эч кандай тиешеси жок болчу;

— жергиликтүү жана республикалык бюджетке түшкөн салыктардын саны кескин түрдө көбөйдү;

— жүздөгөн үй-бүлөлөр үйлүү болуп, учурда түтүн булатып жатышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зыян келтирилген эмес, анткени:

— Жара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү жерлер ошол кезде дагы, ушул күнгө чейин дагы айыл өкмөттүн балансында болуп келатат;

— уулумдун фирмасы ошол жерлерди 3 жылга ижарага алгандыгы үчүн айыл өкмөттүн бюджетине 1 миллион сомдон ашык акча төлөп берди;

— жерлердин эч нерсеси өзгөргөн жок, алар ушул күнгө чейин айылдын тургундарынын малын жайганга пайдаланып келет.

Жарандарга зыян келтирилген жок, анкени:

— жер участкаларын алып-сатуу боюнча бир дагы келишим жокко чыгарылган жок жана сотко кайрылган тарап болгон жок;

— бул келишимдер боюнча бир дагы киши укук коргоо органдарына укугум бузулду же алдандым деп арызданып кайрылган эмес;

— тергөөдө жана соттук отурумдарда суралган күбөлөрдүн дээрлик бардыгы Самаковго жана башка соттолуучуларга дооматыбыз жок деп айтышты.

  1. Айыптоочу тарап трансформациянын жүрүшүндө мыйзамдын бузулгандыгы боюнча эч кандай далил келтире алган жок. Муну кошумча тастыктап турган жагдайлар төмөнкүлөр:

— трансформацияны жактыруу жөнүндө айылдык кеӊештер, айыл өкмөттөр, райондук жер маселелери боюнча комиссиясы, райондук жана областтык администрациялар тарабынан алынган чечимдердин бардыгы күчүндө калды, аларды жогорудагы органдары, прокуратура же соттор жокко чыгарган жок;

— жергиликтүү органдардагы жана Өкмөт аппаратындагы трансформацияны бекиткен жана жактырып берген 200дөн ашуун кызматкерлердин, депутаттардын бирөөсү дагы эч бир жоопкерчиликке тартылган жок (керек болсо, бир оозеки эскертүү берилген жок);

— трансформациядан келип чыккан мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынын же берилип калган чечимдердин, документтердин бирөөсү дагы жокко чыгарылган жок (мисалга, ошол жер участкаларынын курулуш документтеринин бекиткен мамлекеттик куруулуш жана архитектуралык кеӊештердин протоколдору, “кызыл китептер”, ж.б.).

  1. 8. Өкүм расмий жарыялангандан кийин судья Д.Назаров мыйзамда көрсөтүлгөн тыюуга карабастан, Өкүмдүн текстин кескин өзгөртүп жана толуктап чыкты.

Соттун биринчи отурумунан баштап биздин адвокаттар сүйлөнгөн-айтылган сөздөрдүн бардыгын диктофонго жазып жатышты. Ошол аудиого жазылган судья жарыялаган Өкүмдүн үч күндөн кийин колго берилген кагаз түрүндөгү Өкүм менен туура келбей жатканы билинип калды.

Көрсө, судья Д.Назаров Өкүмдү угузгандан кийин анын баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү жана корутунду бөлүктөрүнө 50дөн ашык маанилүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизиптир. Мисалы, жарыяланган Өкүмдө судья 31 күбөнүн көрсөтмөсүн атаган болсо, жазма түрүндөгү Өкүмдө көрсөтмө берген күбөлөрдүн саны 52ге жетип калды. Башкача айтканда, Д.Назаров сот расмий бүткөндөн кийин 21 күбөнүн көрсөтмөсүн уурданып кошуп жиберди. Бул жагдайдын өзү эле Д.Назаров чыгарган Өкүмдүн мыйзамсыз таанылганына жетиштүү негиз болуп турат.

  1. Сот жактоочулар тарабынан берилген көрсөтмө, мамлекеттик архив, мамкаттоо жана башка мамлекеттик органдардан алынган иш кагаздар түрүндөгү далилдерди эске алган жок жана эмне себептер менен аларды четке кагылгандыгын Өкүмүндө көрсөтпөй койду (мунусуКР ЖПКнин 319 беренесинин 1 бөлүгүн бузганга жатат).

Мындай бузуулардын тизмесин уланта берсем, түгөнгүдөй эмес. Булардын баарын биз өзүбүз дагы, адвокаттарыбыз дагы кайра-кайра кайталап айтып келгенбиз. Сурактарда дагы. Жарыш сөздө дагы. Акыркы сөздө дагы. Бирок бизди уккан же угайын деген кулактары жок. Анткени маселе такыр башкада экен.

Октябрь соту бизди мүлкүбүздү тартып алуу менен 10-8 жылга эркиндиктен ажыратуу боюнча өкүм чыгаргандын себеби – Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов экен…

Президенттик аппаратта отурган эки кызматкер соттордун үстүнөн мынчалык бийликке ээ болгонуна мен эч качан ишенбейт болчумун. Бирок чындык ушундай экен.

Октябрь сотун судья Ч.Адамкуловду судья Д.Назаровго алмаштыргандан кийин бизге ушул эки чиновниктер чыкты. Алардын айтымы боюнча, биздин ишибиз алардын макулдугу болмоюн чечилбейт. Биз алар менен “сүйлөшүшүбүз” керек экен. Биз аларга төлөп беришибиз керек экен.

Муну судья Д.Назаров тастыктады. Ал алдын ала айтты, өкүм анын колунда эместигин, ага өйдө жактан Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов кысым кылып жаткандарын.

Мен таӊ калбайм, эгерде биздин ишибиз боюнча Өкүмдү дагы Назаровдун ордуна ушул экөө жазып берген болуп чыкса. Же болбосо эмне себептен Өкүмдүн тексти жарыялангандан кийин 40% оӊдолот?

Ушул эки чиновниктин айынан биз бүгүн бир да мыйзам бузулбай, бир киши же уюм жабырлануучу болбогон, эч кандай зыян келтирбеген, эчкандай күбөсү жок, эч бир далили көрсөтүлбөгөн “кылмышты” кылгандар болуп № 1 сандагы СИЗОдо отурабыз.

Биз макул болуп калган жерибиз жок. Октябрь соту ишибиз боюнча чыгарган өкүмүнө карата Бишкек шаардык сотко даттандык. Бул жерде дагы өзүбүздүн актыгыбызды далилдеп келатабыз. Бирок, бизге кайра баягы эскертүү келип түштү. Тагдырыӊар Манас Арабаевдин жана Алмаз Маткасымовдын тарабынан чечилет деген. Октябрь сотунда мындай эскертүүнү укканда, биз андайга ишенген жок элек. Эми ишенбегенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Эгерде бул экөө бизге өздөрүнүн бийлигин жана таасирин көрсөткүсү келсе, ал аракети ишке ашты. Эми биз бул экөөнүн колунда арбир судьяга карата компромат бар да экенине ишендик. Алардын укуругу узун экенине күбө болдук.

Мунун баарына көзүбүз жетти. Бирок чындыкты кантебиз? Актыгыбыздын далилдерин эмне кылабыз? Биздин кылмышка катышыгыбызды тургай, айтып жаткан кылмыштын өзүн жокко чыгарып жаткан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кайда катабыз? Кылмыштын курамынын жана окуясынын жоктугун кантип жашырабыз? Жабырлануучу тараптын жана келитирилген зыяндын жоктугун эмне деп түшүндүрөбүз? Ондогон так эле ушундай өкмөттүн токтомдору менен трансформациядан өткөн Кыргызстандын булуӊ-бурчундагы 46 миӊ гектар жерлерди кантип байкамаксанга салабыз?

Урматтуу Президент!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Төрайым!

Урматтуу Башкы прокурор!

Урматтуу Акыйкатчы!

Урматтуу укук коргоочулар жана журналисттер!

     Биз Сиздерден соттун ишине килигишүүнү же сотко кандайдыр бир өкүмдү таӊулоону суранган жерибиз жок. Биз Сиздерден өлкөбүздүн сотторун аталган эки чиновниктин ыплас кысымынан арылтууну суранабыз. Биз сот бийлигин өзүмбилемдиктин жана өкүмзордуктун торунан куткарууга чакырабыз. Сот өкүм чыгараарында “Ак үйдөгү” айрым чиновниктердин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн күтпөй, өз абийрине жана ички туюмунуна кеӊешип алса дейбиз.

Биз Сиздерден Кыргыз Республикасынын соттору биздин ишибиз боюнча дагы, бөлөк иштер боюнча дагы соттук процесстердин жүрүшүнөн жана мыйзамдын талаптарынан келип чыккан чечимдерди чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү өтүнөбүз.

Үнүбүз дарегине жетсе дейбиз. Анткени Сиздер баштаган аракетиӊиздер көкүрөгүбүздө зор ишеним пайда кылды. Мындай ишеним бизде эле эмес, бизге окшоп укугу бузулган көпчүлүк адамдарда жаралды десек жанылышпайбыз. Бардык прокурор, соттор, адвокаттар, тергөөчүлөр жана катардагы жарандар Сиздердин системаны тазалоо жана жанылообоюнча демилгеӊиздер ишке ашат бекен деп күтүп жатышат. Мындан аркы ар бир соттун чечими же ошол ишенимди бекемдейт, же тескерисинче, алсыратат.

Биз өзүбүздүн акыркы сөзүбүздү айттык. Эми соттун өкүмүнөн калыстыкты күтөбүз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.