Кенжебек Бокоев Кытайдын акчасын алууда колдогон депутаттардын тизмесин жарыялады

Кенжебек Бокоев Кытайдын акчасын алууда колдогон депутаттардын тизмесин жарыялады

2013-жылы ЖЭБге алынган кредиттик келишимге Кенжебек Бокоев “саясий коррупция” деп каршы добуш бергендердин бири. Бүгүн Жогорку Кеңеште ЖЭБ маселеси каралып, талкуу болуп, аягы кийинки жумага калды. Албетте, талаш-тартыш болду. Талкуунун жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев башында эле колдобош керектигин жана ошондо жети гана киши каршы болгонун ачык айтты.  ЖЭБ боюнча 3 гана мүнөт берилгендиктен сөзүн толук айта албай калган. Ошондон улам, ал Фейсбуктагы баракчасына сөзүн толугу менен жазып, 5 жыл мурун ким колдоп, ким каршы болгон депутаттардын тизмесин жайгаштырды.

Фото Кенжебека Бокоева.

“2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш ЖЭБди модернизациялоо үчүн кете турган 386 миллион долларлык «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө КРнын мыйзамын колдоп берген. Ал келишимге 7 киши каршы чыкканбыз: мен, Мыктыбек Юсупович, Курмандай Абдиевич, Улукбек Кочкоров. Мына мен ошондо айттым эле, Эл аралык келишимге жалгыз ТВЕА компаниясынын атын киргизген туура эмес, бул саясий коррупция деп. Анткени  ЖЭБди тендер аркылуу модернизациялоо кылыш керек эле. Кытайдан алган кредит 2 % менен берилип жатат бул арзан кредит деп айтышкан, мен арзан эмес деп каршы болгонмун, себеби эл аралык келишимдерде 0,75 % менен кредиттерди алганбыз. Мына мен ошолордун айтып туруп кредиттик келишимге каршы добуш бергенмин.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдар бар, мына ошол мыйзамдарды аттап өтүп (обход кылып) ТВЕА жана Чайна роуд компаниялары, тагырагы ТВЕА биздин өлкөнүн энерго тармагын ал эми Чайна роуд болсо жол тармагын тейлеп жатат. Керек болсо ушул эки компаниянын иши иликтениши керек!

Кыргызстандын тышкы карызынын 42 % Кытайга болгон карыз түзөт деп, ал эми ошол Кытайдан алган карыздын көпчүлүк бөлүгүн ТВЕА менен Чайна роуд компаниялары кайра сыртка чыгарып кеткен. Кыргызстанда ушул 2 компаниянын кызыкчылыгын (лоббировать эткен) коргогон таратан жоопко тартылышы керек!

Жеке компаниялар бизге 20 миллион доллар грант берди, элестетип көрсөңөр эмне үчүн алар бермек эле? Себеби алардын ТЭЦти модернизациялоо сыяктуу иштери абдан жогорку баада жасалган, ошолорду жаап-жашыруу максатында бериши мүмкүн”,-дейт депутат.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары 1 күндө 3 окуудан тең «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө КРнын мыйзамын колдоп беришкен. Колдогондор — 91, каршы болгондор — 7 гана депутат болгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.