Доктурбай КОЖОГУЛОВ, Атамбаевдин айылдашы: “Азыр арашандыктар Атамбаевди карабайт”

Доктурбай КОЖОГУЛОВ, Атамбаевдин айылдашы: “Азыр арашандыктар Атамбаевди карабайт”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айылдашы Кожогулов Доктурбай ата “Жаңы Ордо” гезитине Атамбаевдин ата-теги, айылдаштары боюнча маек куруп бериптир.

Азыр Арашан эли Атамбаевди кандай кабыл алат?

— Мурун жакшы кабыл алышчу, азыр эч ким карабайт, анткени ишеничтен кетти да.

“Бир нерсе болсо жогор жактан эл менен кошо түшүп келип, баарыңарды талкалайм!» деп Атамбаев айтып жүрбөйбү?

— Оо кокуй, азыр ал үчүн бирөө басат бекен? Эч ким баспайт!

Алмазбек Атамбаевдин жаңы салган үйүнө бет маңдай бир топ дачалар бар экен. Алар дагы сатылдыбы?

— Алмаз үй салган жер кимисиники экенин билбейм. Ушул жактагы дачанын баарын алышты, калтырган жок. Аны кайсыл акчага алып жатат? Чет жактан элди багам деп кайыр сурап алып келген акчаларга алып жатышат да. Биз алгач Чуңкурчактагы лыжа база жайгашкан жерди айыл өкмөткө бергенбиз. Айыл өкмөт ошол жерге база уюштурса, акча өзүбүзгө түшүп, жолго, сууга иштелип, жакшылык менен жамандыгыбыздын баарына жарамак. Кол коюлгандан кийин иниси тартып алып койду. Азыр кимде экенин билбейм.

Атамбаевдин аталары тууралуу да билесизби?

Мунун ата-теги Баткенден келген. Буларды кытай деп коёт. Бул кытай эмес, калмак. Өзү деле Теке-Секирик деп айтпады беле. Мен ошондо эле Баткенден келгени чын экен дегем. Алмаздын ата­сы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон.

Атасы Союз учурунда камалды беле?

— Атасы камалган. Алмаз өзү Россияда көп жыл жүрдү. Ушул айылда жолдош баласы бар, бирок ал өзүнөн улуу. Ошол бала бул тууралуу жакшы билет.  Ага келген сайын 1-2 миң доллар берип кетет деп угуп жүрөм. Ал бул жактан кылмыш кылып коюп Россияга качып кетип калат. Ошол жакта жүрүп Алмазга жолугат. Алмаз окуйт да, тигил жигит акча таап, буга каралашып, чогуу жүрүшүп, бирге бул жакка келишкен дешет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.