Исаков ЖЭБ маселесине Асылбек жана Сооронбай Жээнбековдор жооптуу экенин айтты

Исаков ЖЭБ маселесине Асылбек жана Сооронбай Жээнбековдор жооптуу экенин айтты

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан чуу боюнча билдирүүсүн бүгүн КСДП партиясы таратты.

Билдирүүдө Сапар Исаков мындай деген: “Кечээ Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча маселени башка нукка буруу аракетин көрдү. ЖЭБди реконструкциялаш үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алуу тууралуу келишим түзүлгөнү боюнча ошол учурда башкарган директорлорунан тартып, «Улуттук энергохолдинг» жана анын түзүмдөрүнүн жетекчилери, министр, премьер-министр, ошол убактагы спикер, Жогорку Кеңештин үч комитетинин төрагалары, Андрей Воропаев, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Асылбек Жээнбеков жооп бериши керек! Менин өкмөтүм күздө келди. Ошентсе да, мен авария учурунда билип туруп эле Сооронбай Шариповичти коргоп, калкалап, саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым. Көбү ал мезгилде үн каткан эмес. Бишкектиктер кышында тоңуп отурду, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар унчукпай, күнөөнү бири-бирине оодарышты. Депутаттар «Сооронбай Шариповичтин мезгилинде жүз миллиондогон сом жумшалган ЖЭБди ремонттоо учурунда эски жабдуу эмнеге оңдолгон эмес?» деген суроону да иликтеши керек эле. Буга комиссиянын жообу жок”,- деген Сапар Исаков.

“Балашканын” сөзүн “аташкасы” — Атамбаев да айткан…

Эскерте кетсек, буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев да Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган учурда (2016-жылы) жүргүзүлгөнүн айтпады беле. Атамбаевдин мындай сөзүнөн кийин, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева ага президент С.Жээнбековдун эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.