5 мүнөттө — бир табак эт жемей, 1 мүнөттө — кымыз ичмей мелдештери болуп өттү (ВИДЕО)

5 мүнөттө — бир табак эт жемей, 1 мүнөттө — кымыз ичмей мелдештери болуп өттү (ВИДЕО)

Казакстандын Улытау аймагында “Көкмайса-2018” этнофестивалы болуп өтүп, кызыктуу мелдештер болуп өттү. Өлкөнүн беш аймагы болгон – Мангыстаудан, Шымкенттен, Жезказгандан жана Улытаудан беш азамат чыгып, бир табак этти беш мүнөттө жеш керек болду. 25 жаштагы жезказгандык Бекзат Жармагамбетов 1-орунга татып, 30 миң теңгеге, 2-орунду Улытаулук жигит 20 миң теңгеге татып, 2-орунду Шымкенттик “карышкыр” ээледи.

 

Ал эми кымыз ичүү боюнча мелдеште бир мүнөттө эң көп көлөм ичкен чоң курсак утушу керек болуп, Караганда облусунун Улытау районунун тургуну Алмас Бимагамбет бир мүнөттө тынымсыз 4,3 литр кымызды жутуп, жеңишке жетишти.

Этнофестивалда мындан тышкары “Бээ байлоо”, “Кымыз ачытуу” салттары көрсөтүлүп, камчы, аркан өрүү, жыгач усталык өнөрлөр көрсөтүлдү. “Катын күрөш” мелдеши ж.б. улуттук оюндар абдан кызыктуу өттү.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.