14 жаштагы кыз төрөп, ымыркайды муздаткычка катып койгон

14 жаштагы кыз төрөп, ымыркайды муздаткычка катып койгон

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Алардын айтымында, Орусиядагы  кыргызстандык эки өспүрүм көз жарып, бири ымыркайды муздаткычка катып койсо, экинчисинин баласы өлүү төрөлгөн.

7-майга караган түнү Санкт-Петербургдун №5 шаардык ооруканасына Айзирек аттуу 14 жаштагы кыргыз кыз кайрылган. Өспүрүм кыз үйдө төрөгөндүгү, мурдатан дарыгерлердин көзөмөлүндө турбаганы аныкталган. Иштебеген муздаткычка катылган ымыркай Питердин Задворный көчөсүндөгү жатаканадан табылган. Таң эрте баланын ыйынан ойгонгон жатакананын бир жашоочусу дароо полиция чакырган.

Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кочкорбай Кутунаев бул окуя боюнча мындай деген: “Кыз Кыргызстандан эки ай мурун келген экен. Ата-энеси бул жакта иштейт. Кыздын боюнда бар экенин ата-энеси билбептир. Төрөп туруп, муздаткычка салып коюптур. Оштун Араван районунан экен. Эми суракта жүрүшөт. Тергөөчү «бирөөңөр кылмышты моюнуңарга алгыла” дегенин айтышты.

Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка даярдык көрүү») боюнча иш козгогон. Жаңы төрөлгөн ымыркай №1 ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.