Алмаз ШААДАЕВ: “Чубак ажы үчүн «өлтүрүп кетем» дегендер да болду”

Алмаз ШААДАЕВ: “Чубак ажы үчүн «өлтүрүп кетем» дегендер да болду”

«Sputnik Кыргызстан» маалымат агенттигинин кабарчысы ырчы Алмаз Шаадаев менен маек куруптур. Маектешүүдө Чубак ажыга байланыштуу да суроо болгон. Суроо-жооп төмөндөгүдөй.

-Интернеттеги бир видео талкууңуз тууралуу сурайын дедим эле. Анда сиз досторуңуз менен экс-муфтий Чубак Ажы Жалиловдун сүйлөгөнүн тамашалап туурагансыздар. Көп өтпөй эле видео кайрылуу аркылуу Жалиловдон жана дин адамдарынан кечирим сурадыңыз…
-Чубак ажынын сүйлөгөнүн мага чейин көбү эле туурап жүргөн. Атым чыгып калгандыктан талкууга алып жиберишти окшойт. Аймактарды кыдырып концерт берип жүргөндө пародист Самат Аманов экөөбүз жөн гана жакшы маанайда видео жаздырып койгон элек. Анан ырчылардын социалдык тармактагы группасына салып койгом. Оюндан от чыгат болду. Элдин 90 пайызы көңүлдү ооруткан сөздөрдү жазды. Коркутуп «өлтүрүп кетем» дегендер да болду. Динге берилген адамдарды сыйлайм, бирок оозубузга алыбыз жетпейт экен. Кемчилигимди түшүнүп эртеси Чубак ажыга чалсам алган жок. Видео кайрылуу аркылуу кечирим сурап койдум.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.