Таң атканча туу көтөргөн сүрөтчү жигитибиз президенттин сүрөтүн 5 миң долларга сатууга кардар издейт! (ВИДЕО)

Таң атканча туу көтөргөн сүрөтчү жигитибиз президенттин сүрөтүн 5 миң долларга сатууга кардар издейт! (ВИДЕО)

Жип, мык менен адамдардын сүрөтүн тарткан сүрөтчү Азамат Жаналиев 20-эмгегин бүтүрдү. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү. А.Жаналиевдин айтымында, жип жана мык менен булгаарыга тартылган сүрөттүн салмагы – 11 кг, туурасы — 110 см, бийиктиги — 160 смди түзгөн, ага бир ай убактысы кеткен. Президенттин сүрөтүнүн баасын чыгарууга (социалдык түйүндөрдөгү) калың калктан кеңеш сураса, алар 5 миң долларга баалаган. Ушул баага сүрөттү сатаарын ачык айтып, учурда кардар издеп жаткан кези!

Сүрөт кандай жасалганы боюнча төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Сүрөт менен сүйлөшүү жана желек көтөргөн күн

Эсиңиздерде болсо керек, 24-апрель күнү кечке маал Бишкекте катуу шамал болуп, Ала-Тоо аянтындагы туубуз үзүлүп түшкөн. Мындай кабарды уккан Азамат иш бөлмөсүндөгү желегин алып аянтка барып, нөшөрлөгөн жаанга карабай, түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин тууну көтөрүп турган. Ал күндү эскерип, Фейсбуктагы баракчасына жазган. Андагы сөзү эч өзгөртүүсүз берилди. Ал төмөндөгүдөй:

-24-апрель, 2018-жыл. Кыргыз Республикасы. Бишкек шаары. Нөшөрлөгөн жазгы жаан жана күтүүсүз келген катуу шамал. Жумушта. Микрорайон Тунгуч. Бир айдай убакытты алган коллекциямдагы «UKI-020» КРнын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин эксклюзивдүү сүрөтүнө латундан жасалган пластинкамды тагып, жалтырата сүртүп, бетиндеги жүрөктөн чыккан өзүмдүн сөзүмдү кайра-кайра окуп, ичимден: «Ушул мыктай тизилип, кыргыз элимдин ынтымагы жиптей бекем байланып турса экен. Бир мык, бир жип сүрөт боло албайт, миң мык, миң жиптен сүрөт куралат. Бул бир президент же бир кыргыздын колунан эч нерсе келбейт. Эгер ынтымакта болсок, дүйнө эли суктанган улуу бийиктиктерге жеткен мамлекет болобуз буюрса» деп суктанып бүтүп, эксклюзивдүү сүрөтүмдү таптатынакай кылып ороп, устаканамдын төрүндө турган менин мекенимдин желегинин жанына сүйөп койдум да үйгө сапар алдым. 
Кечки саат 22:15те үйгө келдим. Чай-пай ичип отуруп бир убакта аянттагы туунун катуу шамалдан учуп кеткенин көрүп... Калган окуяны өзүңөр жакшы билесиңер эми)). Орден, медаль ж.б. алыш үчүн деген бир да тамчыдай оюм жок эле).  (Президент Сооронбай Жээнбеков жаштардын мамлекеттик символикаларга болгон аяр мамилесине ичи жылыганы боюнча президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кабарлаган — авт).

     Анан… Болгон сүрөттөрүмдү ар өлкөнүн президенттерине кыргыз элинин атынан «Ынтымактын,достуктун» символу катарында белек кылып берип келе жатам. Максатымда 100 ашуун мамлекетке кирип, жалпысынан 350дөй коллекциондук сүрөттөрүмдү дүйнөнүн 6 континентинине таратып, жаңы муунга жаңы тарых жаратуу. Кыргыздын мекенчил, карапайым инсандарынын колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейинки долбоорлорум ишке ашып келе жатат.
Бул сапар «UKI-020 » сүрөттү сатууну туура көрдүм. Себеби
, кийинки чет өлкөгө чыгып, уникалдуу идеяларды ишке ашырыш үчүн каражат керек. Президентибиздин уникалдуу сүрөтүн эң жогорку баада баалап, сатып алып коёт деген азаматтар чыгаар. Бул маалыматты бөлүшүп, «UKI-020 » сүрөттү сатканга көмөк көрсөтсөңөр бул мага эң чоң жардам болот эле.
Сүрөт: эң жогорку сорттогу кайыш (булгаары-кожанын) бетине түшүрүлдү.
Өзгөчө мык жана жип. Размери: 110см×150см. Салмагы: 11 кг. 
Сунуштар болсо же ала турган конкреттүү бааңар болсо, өздүк баракчага жазгыла”.

Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин жөө келип, веловипед менен жер кыдырган

Азамат Жаналиев өзгөчө жигит. Ал Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин жөө келип, Кыргызстанды 62 күндүн ичинде велосипед менен кыдырып чыккан. Патриот жигитибиз Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында төрөлүп-чоңойгон. Бишкектеги архитектуралык курулуш колледжин окуп, архитектурада иштеген. Кесиби – архитектор. “Улуу кыргыз изи” аттуу коомдук фондду түзгөн. “29-күз” аттуу китеп жазган. Учурда жаңы ыкма менен иштеп жүрөт, тагырагы, “стринг арт” деген сүрөт тартуу ыкма менен эмгектенүүдө. Мындай ыкма менен атактуу адамдардын сүрөтүн жараткан. Анын алгачкы эмгеги айтылуу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү. Андан кийин Саякбай Каралаев, Алмазбек Атамбаев, Рамзан Кадыров, Петр1, Владимир Путин, Шавкат Мирзеев, Халтмаагийн Баттулганын, Реджеп Тайип Эрдогандын жана Араб шейхтеринин сүрөттөрүн тарткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.