Сотторго “сот” болуп келген Манасбек Арабаев кызматтан алынды

Сотторго “сот” болуп келген Манасбек Арабаев кызматтан алынды

Үч жылдан бери Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүм башчысы болуп келген Манасбек Арабаев кызматынан алынды. Аны кетирүү боюнча Жарлыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргенине караганда, М.Арабаев ээлеген кызматынан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде бошотулган.

Чуу жараткан Арабаев сотторго кысым жасап келген…

Бүгүнкү күнгө чейин Манасбек Арабаев боюнча даттануулар көп болуп, бир катар соттук иштерге кийгилишип, аларды үстүнөн карап, кысым жасап келгени тууралуу анын аты айтылып келген. Мисалы, мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехра Оморованы судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди «сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет» деп күнөөлөгөн. Ал эми экс-депутат Эсенгул Исаков Карганбек Самаковдун сотунда буларды айткан: «Карганбек Самаковдун ишин биринчи инстанцияда судья Чыңгыз Адамкулов караган. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Адамкулов актоо өкүмүн чыгараарда аны “ооруп калды” деген шылтоо менен Дамирбек Назаров аттуу сот менен алмаштырышкан. А чынында ал учурда Адамкулов иштеп эле жаткан. Кийин мындай иштин башында президенттин аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев турарын билдик. Ушул маселеге мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин фракция лидерлери көңүл бурса жакшы болмок».

Ушинтип эле кутулуп кете беришеби?

Ушундай ыплас иштерге барган адамдардын баары кызматынан алынып эле кутулуп кете береби? Буларды бир жоопкерчиликке тартуу деген болобу? Жоопкерчиликке тартуу керек! А сиз кандай ойлойсуз, окурман?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.