Аттиш 600 доллар эмес, 35 доллар турарын депутат айтып, уят кылды…

Аттиш 600 доллар эмес, 35 доллар турарын депутат айтып, уят кылды…

Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун депутаттар талкуулашууда. Ары айтышып, бери айтышып, «сен күнөөлүү, мен күнөөлүү» деген кайым айтышууда. 

Бул талкуудагы баарынан күйдүргөнү 600 долларлык аттиштин баасы болду. Анын өздүк баасын “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов айтып чыкты. Ал өткөн жумада ЖЭБдин жетекчиси парламент трибунасынан (өткөн аптадагы жыйында Бишкек ЖЭБнин директору Андрей Воропаев «ЖЭБ үчүн 320 долларга сатып алынган» деген аттиштер топтомун көрсөтпөдү беле. Ошол замат залда отурган ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу «анча акча турбайт, аттиш топтомун толукташты»,-деп алардын абийирин ачпады беле — авт.) көрсөткөн аттиштер тууралуу маалыматы жалган экенин айтып, алардын бетин ачты. Ал Бишкектеги бир топ базар, дүкөндөрдү кыдырып чыкканын, дал ошондой эле аттиштер топтомун 2500 сом (35 доллар) турарын көргөнүн айтты. Бул маалыматты уккан “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул аттиштерди далил катары кылмыш ишине тиркөө керек деген пикирин кошумчалады.

Эскерте кетсек, кышкы чилдеде ЖЭБде авария болуп, шаардыктар бир жума жылуулук жок, жарыксыз калган. Бул боюнча кылмыш иш козголгондо 320 долларга аттиш сатылып алынган деген маалымат тараган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.