“Орто-Сай” базарын УКМК, ИИМ кызматкерлери курчоого алды. Эмнеге?

“Орто-Сай” базарын УКМК, ИИМ кызматкерлери курчоого алды. Эмнеге?

Бүгүн саат 12:30 чамасында Орто-Сай базарынын сатуучуларына белгисиз бирөө келип, базарда бомба катылганын айтып, элди дүрбөткөн. Мындай маалыматты УКМКга да кабарлашкан. Аталган комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов УКМК менен ИИМ кызматкерлери базарга барып, аймакты курчоого алып, базардан бардык адамдарды чыгарып, издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, ушул жылы буга окшогон 5 кылмыш иши козголгон. Анын бири — Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын иши каралууда,  сот отуруму 25-майда уланат. Мурунку сот отурумунда, келген күбө Дүйшөнбек Зилалиев бомба тууралуу эмес, форма тууралуу айтканын билдирген. Зилалиевге президент С.Жээнбековдун инаугурациясынан (былтыр 24-ноябрда) кийин 228-берене (“террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу”) менен иш козголгон. Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалыматтар чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.