Президент жемкорлор кайтарган акчаны эсепке топтоо тапшырмасын берди

Президент жемкорлор кайтарган акчаны эсепке топтоо тапшырмасын берди

Тагырагы, коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолору тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ачык-айкындуулукту арттыруу максатта укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда  өндүрүлгөн акча каражаттарынын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев дароо аткарды. Ал Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Эскерте кетсек, буга чейин президент С.Жээнбеков коррупциялык күрөшүүдө дос, туугандарын карабасын, аябасын айткан эле…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.