Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат”

Ар жылдын май айынынын үчүнчү жуманын жекшембесинде Энелер майрамы майрамдалып келет. Быйыл 20-майга туш келди. Майрамдын алдында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн  бардык аймактан келген апаларды кабыл алып, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, “Баатыр Эне” ордени менен сыйлап, алкыш баракчаларын тапшырды.

Мамлекет башчысы энелерди көргөн сайын, өзүнүн апасын эстегенин, ошол асыл сезимди ыроологон энелерге ыраазычылык айтты. “Бул дүйнөдө Энеден өткөн Ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы бул — Эне. Энеге гана ыйык деген сөз жарашат деп айтаар элем. Эне гана ыйык деген сөзгө татыктуу. Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат. Өзгөчө майрам күндөрү биз ушул жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды ар дайым эстейбиз. Мээрибизди тартуулап, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белектерди берүүгө аракет кылабыз. Өтүп кеткен апаларыбыздын акыл-насааттарын эстеп, куран окуп, бейиштерин тилейбиз. Пайгамбарыбыз “Бейиш эненин таманында”, “Дүйнөдө бир чоң карыз бар, ал эненин сүтү” деп нуска айткан. “Эне алдындагы карызды кантип төлөйбүз?” деп сураганда, Пайгамбарыбыз айткан экен: Адам бол, адам бол, адам бол!” деп. Сиздер адамды бул дүйнөгө жаратып,  тарбиялап, мамлекеттин  өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатасыздар. Ар бир ата-эненин тилегени — балдарым ыймандуу, кайрымдуу болсо экен, эли-журтуна, Мекенге кызмат кылса экен деп тилек кылат. Ушундай балдарды өстүрүп жатасыздар. Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан жарандар, балдар жана кыздардын энелери отурат. Алар: кинорежиссер Руслан Акундун апасы — Канышай Акунова, мыкты көк-бөрүчүлөр Манас, Жаныш, Байыш Ниязовдордун апасы — Айсалкын Эсенбаева, жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслованын апасы — Галина Маслова, шахматчылар Руслан, Арзыбек, жана Айжан Съездбековдордун апасы — Гүлбарчын Калдыбаева, балет артисттери Максат жана Марат Сыдыковдордун апасы — Гүлкайыр Карабекова, хореография режиссеру Тилек Кийизбаевдин апасы — Фаризатхан Кийизбаева, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу Асель Сартбаеванын апасы — Дамира Сартбаева. Сиздер тарбиялаган балдарыӊар жана кыздарыңар ата-энесине эле эмес, бүтүндөй эл-жерине намыс алып келип жатат. Ушундай мамлекетке, элге кызмат кылып аткан элдик уул-кыздарды өстүргөн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр. Өлкөнүн керегине жараган, өз өлкөсүн сүйгөн, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!  Эң бийик “Баатыр эне” деген наамды тапшырып жатканыма абдан кубанычтамын. Сыйлыгыӊыздар кут болсун!”, — деди мамлекет башчысы С.Жээнбеков.

Андан тышкары, президенттин басма сөз кызматы президенттин Жарлыктарына ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланарын билдирди.

 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.