Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Нан жаап, уй саап, кир жууп, алтындай болгон апама жардам берчүмүн”

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Нан жаап, уй саап, кир жууп, алтындай болгон апама жардам берчүмүн”

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Энелердин майрамы менен куттуктады. Дастанбек мырза мектепте окуп жүргөндө нан жаап, уй саап, кир жууп апасына жардам бергенин бир курдай маегинде айткан. Ал маегин (өзү, үй-бүлөсү жөнүндө) куттуктоодон кийинки шилтемеден окуй аласыздар.

“Ардактуу энелер! Сиздерди Жогорку Кеӊешинин атынан жаркын маанай Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм. Кыргыз эли байыртан эле энелерин урматтап, байбичелерин сыйлап, кыздарын ардактап келген. Баардык балдардын тили адегенде «апалап» чыгары бекеринен эмес. Анткени, Эне – өмүр бою өз балдарынын түмөн түйшүгүн көрүп, түн уйкусун бөлүп, таалим-тарбиясын берип, бөпөлөп баккан адам. Ал тургай, балдары бой жеткен кезинде да алар үчүн ар дайым түйшөлүп, түйшүгү менен кубанычын бөлүшүп турары бышык. Ошондон улам, Эне сүйүү менен мээримдүүлүктүн түгөнгүс мөлтүр булагы болуп саналат.

Андан тышкары, Эне бүткүл адамзаттын тукумун улоочу, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй турган касиетке ээ. Азыркы заманда энелерибизге, эже-карындаштарыбызга оор жоопкерчилик жүктөлгөн. Алар уул-кыздарын тарбиялап, талыкпай иштөө менен бирге, өлкөнүн коомдук турмушуна да жигердүү катышууда.

Ардактуу энелер, дагы бир ирет – майрамыӊыздар кут болсун. Сиздерге узак өмүр, чыӊ ден-соолук, бакубат жашоо калаймын. Ылайым, бала-бакыраӊыздардын убайын көрүӊүздөр!”,-дейт Дастанбек Жумабеков.

Спикер эмес, милиция болууну каалаган экен…

Ал боюнча бул ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.