Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Апам «жолуң болсун, балам» деп батасын берип узатып, тосуп алат” (ВИДЕО)

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Апам «жолуң болсун, балам» деп батасын берип узатып, тосуп алат” (ВИДЕО)

Бир кыз, бир баланын атасы, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бишкектин четиндеги Лесное айылында апасы менен жашайт. Ушул асыл адамдай апасын караган киши аз болсо керек. Өндүрүш агабыз апасын караганда да, нааразычылык акцияга чыгууга да жетишет. Агабыз эртеңки Энелер майрамы менен өзүнүн жана бардык апаларды куттуктап, ак тилегин айтты. “Жарык дүйнөгө алып келип, эч кимде жок мээримин төгүп баккан Алтын Апалар Аман болушсунчу. Эх, колдон келсе бардык Апаны өлбөс кылмакмын. Апаларды түбөлүк ардактагыла! Арабызда апасын Карыялар үйүнө бактырган манкурттар жок болсун!”,-дейт Өндүрүш агабыз.

Өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө: “Көп балалуу үй-бүлөдөн элем, тилекке каршы, удаа-удаа эки эжем, карындашым, иним, атам каза болуп калды. Карындашым төрөттөн, дарыгерлердин шалаакылыгынан көз жуумп, эжелерим, атам, иним жакшынакай туруп эле кете беришти. Биздин тукумда кан басымдын жогорулугу мүнөздүү экен. Жубайым автокырсыктан каза болуп калган. Жоготуулардын айынан апамдын жүрөгүн күйүт басып, инсульт болуп, азыр баспай калган. Бардык түйшүк өзүмдүн мойнумда… Уулум Арсен, кызым Жамийла Россияда иштеп жүрүшөт”,-дейт. “Нааразычылык акциясына көп чыгасыз. Буга апаңыздын көз карашы кандай?,-десек,Апам нааразычылык акциясына кетип жатсам, «жолуң болсун, балам» деп батасын берип узатып, тосуп алат. Элдин сүйүктүү ырчысы, маркум Асанкалый Керимбаев: “40 жыл дайынсыз кетсем да, алдыман кыйкырып чыкчу энекем”,-деп бекеринен ырдаган эмес да… Мына жалган жалаа менен абакта жактса да Өмүрбек Текебаев Апаларды эстеп, куттук айтып жибериптир. Мындай элдин уулуна алкыш. “Өмүке, жакында акталасыз, Тилла апа менен баарыбыз, кучак жайып тосуп алабыз. Ал күн тарыхта калат”,-дейт Өндүрүш агабыз.

Өндүрүш агабыздын үй-бүлөсү, өзү жөнүндө билгиңиз келсе, бу ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОну көрүңүз:

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.