Сапар Исаков ЖЭБ (ТЭЦ) тууралуу даярдаган иши боюнча 7 далил аныкталды

Сапар Исаков ЖЭБ (ТЭЦ) тууралуу даярдаган иши боюнча 7 далил аныкталды

Сапар Исаков таасирлүү кызматка келгенде эле: “Бул бала жогорку кызматка татыктуу эмес. Анткени 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдер Акүйдүн алдында элди аттырып жатканда, ал Максим Бакиевдин жанында болгон. Ошондуктан Акүйдө отурганга анын моралдык укугу жок”,-деп айткандар четинен чыккан. Болбой эле Алмазбек Атамбаев кызматтан кызматка көтөрүп, акыры премьер-министр кылды. Конституцияны да премьер-министрге ылайыктап оңдотту. Ушул бала аркылуу көмүскөдө башкара берем деп ойлогон. Кудай жалгап, ал тилегин таш капты. Анын ЖЭБ боюнча кылган ишинин башы ачылып, УКМКга чакырылып, парламентте да айтылды. Бирок, болбой эле “Атамбаев таза иштеген, биз таза иштегенбиз. Саясий куугунтук болууда, андай болбош керек”,- деп актанып атат. Мына “таза” иштегени боюнча 7 далил чыкты.

  1. 2009-жылдын 15-октябрында ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун Кытайга официалдуу иш сапары болгон. Ал жерде «Кыргызстандын улуттук энергетикалык түйүнү” ЖЧКсы жана ТВЕА компаниясы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган. (Иш сапарды Сапар Исаков даярдаган)
  2. 2010-жылдын 12-январында Максим Бакиевдин иш сапары болгон. Аны ЦАРИИнин коммуникация кызматынын башчысы Сапар Исаков даярдаган. “ЛЭП 500 кВ Датка-Кемин курулушу” долбоору боюнча “Тибиан Электрик Компани” (ТВЕА) менен келишимге кол коюлган.
  3. 2010-жылдагы революциядан кийин ТВЕА Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 2013-жылы Сапар Исаков келген. Ал ошол учурдан тартып 2017-жылга чейин Кытайдын жана ТВЕАнын өкүлдөрү менен 18 жолу жолугушкан. Акыркы 8 жыл ичинде 2009-2017-жылдары Кыргызстандын атынан ТВЕАнын өкүлдөрү менен жолугушкан жападан жалгыз чиновник бул — Сапар Исаков.
  4. 2013-жылдын июнь айында Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевге ТВЕА боюнча кат жазган. Ошол каттан кийин президент Атамбаев Өкмөткө аталган чуулгандуу долбоорду ишке ашырууну тапшырат.
  5. Депутат Кожобек Рыспаев Сапар Исаков чакырып алып ТВЕА маселесин көтөрбөшүн жана Атамбаевдин жини келип жатканын айтканы тууралуу билдирди.
  6. Сапар Исаков ошол кездеги тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун бул келишимге кол койбоо, бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирээри тууралуу кеңешине көңүл бурган эмес.
  7. Сапар Исаков эң чуулгандуу ЛЭП “Датка-Кемин”, “Лиглас Трейдинг”, “Хуавэй”, “Мегаком”, “Кумтөр”, “Чайна Роад”, “ТЭЦ Бишкек” сыяктуу долбоорлорго катышып келди.

Мурдагы башпрокурор Аида Салянова депутат кезинде андагы премьер-министр Сапар Исаковго «саясий куугунтук», «таза коом» боюнча суроо берген эле. Ал ВИДЕОдо. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.