Атыр АБДРАХМАТОВА: “Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт, энесиз үйгө барсаң көңүл толбойт”

Атыр АБДРАХМАТОВА: “Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт, энесиз үйгө барсаң көңүл толбойт”

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү Энелердин майрамы менен бардык апаларды куттуктап, апасы жөнүндө айтып берди.

— Алгач мен бардык Апаларды жана апамды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Бүгүн эле эмес, күнүгө жакшы сөз айтууга апалар татыктуу. Жумуш деп жүгүрүп жүрүп, апаларыбызга телефон чалып, акыбалын сураганды да айрым учурда унутуп коебуз. Бүгүн бир мүмкүнчүлүк болуп атканда, мен апам жөнүндө маалыматты кенен берейин. Апамдын өз аты – Ася. Атам тараптагы туугандар “Ася жеңе”десе, апам тараптагылар “Бакын эже (Бактыгүл эже)” дешет. Апамдын азан чакырылып коюлган аты – Бактыгүл. Чоң таятам ошентип койдурганы менен паспорт алганы келгенде таятам апамдын «киндик энесинин» атын паспортко жаздырып коюптур. Мен апама окшошмун. Ошондон уламбы, айтор, мени көргөндө апамдын айылдаштары жазбай таанышат. Шаардын көчөлөрүнөн көрүп калганда: “Бакындын кызысыңбы?” деп сурашчу. Алардын мени апама окшоштуруп тааныганына эмес, Бакын деп апамды атагандарына таңкалчумун. Албетте, анда кичинекей болчумун, кийин чоңойгондо апамдын эки атына көнүм калдым.

— Апаңа келбетиң окшош экен. А мүнөзүңчү, окшошпу?

— Апам көп сүйлөбөгөн, абдан токтоо адам. Калп айтпайт, чынчыл, жоопкерчиликтүү, ушундай сапаттарды жогору коет. “Калп айтпай, чындыкты айт” деген үчүн иштеген жерде чындыкты айтып, жаман көрүндүм да. Ушул жагынан алганда, мүнөзүм окшошуп кетет. Апам чоң апасынын колунда өсүптүр. Жакшы тарбия алган, бизда да жакшы тарбиялады. “Чоңойгондо жакшы адам болушууңар абзел! Турмушта өзүңөрдүн ордуңарды таап, элге пайда алып келген мыкты инсан болушуңар керек. Ал үчүн мыкты окугула. Кылган ишиңерди чын дилиңер менен так, туура аткаргыла!”,- деп айтчу, дагы эле айтат. Жумушка кечиккенди жаман көрөт, мени дайыма шаштырып, “өз убагында бар” деп турат.

— Ар бир апада ар кандай касиет болот эмеспи. Сени таңгалдырган апаңдын касиети болсо керек?

— Ооба, болгон. Апам мени таңгалдырган бир окуяны айтып берейин. 90-жылдары апам башка аялзатына окшоп, Россияга барып иштеген. Ал кезде биз Бишкектеги Кызыл-Аскерде турчубуз. Күзүндө, кышында газ да, свет да маал-маалы менен өчүп турчу. Ал убакта мобилдик телефон деген жок болчу. Бир күнү үйдө жалгыз калдым. Окуудан үйгө келсем, баягы адатынча свет да, газ да жок экен. Кеч киргенде абдан корктум. Ар кайсы НЛО ж.б. коркунучтуу нерселерди, кинолордон көргөн монстрларды ойлоп, таң атканча кирпик каккан жокмун. Андайда убакыт да өтпөй калат эмеспи. Таңдын атышын аябай күттүм. Ошентип таң атырдым. Эртең менен эрте эшик такылдап калды, ачсам кошунанын баласы экен. Ал телефонго, апам менен сүйлөшүүгө чакырып келиптир. келип, Телефондун трубкасын көтөрөөрүм менен апам түндөгү абалымды сурап тынчсызданды. Көрсө, менин түндөгү жаман абалымды сезип, уктабай чыгыптыр. Бекеринен айтылбаптыр, “бала бир нерсе болсо, эненин жүрөгү зыр этип сезет” деп. Азыр да баарын сезип, туюп, билип турат. Көрсө, апага өмүр бою бала болуп сезилет экенсиң да.

— Апаңдын ак сүтүн актадым деп ойлойсуңбу?

— Апамдын ак сүтүн мен актай элекмин. Акташ өтө оор го. Атам экөөнүн мага кылган эмгегин эч качан унутпайм. Атам мени кичине кезимде дайыма эркелетчү, апам катуу кармап, сын айтчу. Мен ага теригип, таарынып калаар элем. Убакыт өткөн соң, өзүм балалуу болгондон кийин, көп нерсени түшүндүм, апамдын айткан акыл-насаатында калет жок экен. Азыр мен апамдын кеп-кеңешине, колдоосуна муктажмын. Сын-пикирине мурда чычаласам, азыр дары катары кабыл алып калдым. Азыр апамдын ар бир сөзү мага мыйзам.

— Таарынтып алган учур болсо керек?

— Албетте, болгон. Бир жолу таарынтып алып, таарынычын араң жазгам. Азыр деле таарынтып алганда: «мен атамдын кызы, апамдын кундузумун» деп тамашалап, таарынычын жазганга аракет кылам. Апамдын айткандарын колумдан келишинче аткарганга, көңүлүн чөктүрбөгөнгө аракет кылам. Апамдын маанайы жакшы болуп, дайыма күндөй жаркырап, биздин ийгиликтерибизге кубанып, сак саламатта жүрүшүн тилек кылам.

Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт,

Энесиз үйгө барсаң көңүл толбойт.

Канчалар мээрим төгүп турса да,

Эненин мээриминдей мээрим болбойт” деген ыр бекер жазылбаса керек. Чын эле ападай мээримди эч кимден таппайсың. Апаларды сыйлайлы, урматтайлы! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен алтындай болгон апалар!

Маектешкен Нази БАЯН кызы

One thought on “Атыр АБДРАХМАТОВА: “Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт, энесиз үйгө барсаң көңүл толбойт”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.