“Маркумдар үнүн” жазган жазуучусу Көчкөн Сактанов көз жумду

“Маркумдар үнүн” жазган жазуучусу Көчкөн Сактанов көз жумду

Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Инсульт болуп, бир топ жылдан бери дарыланып келген  — Кыргыз эл жазуучусу, драматург Көчкөн Сактанов узак оорудан улам бүгүн эртең менен көз жумган.

“Маркумдар үнү” чыгарманын жана “Абат дүйнө”, “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы” романдарынын, аңгемелердин, трагикомедиялардын, очерктердин автору Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга кыштагында туулган. Быйыл, күзүндө, 10-октябрда 76 жашка чыкмак.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты жазуучунун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.