Урмат ҮСӨНОВ: “Эне бийик, эне ыйык, ал улуу, эсиңдеби, энеңерден ким сулуу?!

Урмат ҮСӨНОВ: “Эне бийик, эне ыйык, ал улуу, эсиңдеби, энеңерден ким сулуу?!

 

Ырчы жубайлар Урмат Үсөнов менен Неля Нуркулова бүгүнкү Энелердин майрамы менен куттукташты. Урмат Энелерге арнап ыр жазган экен. Алгач үй ээсинин калем сабынан жаралган ырга кезек берсек.

Эне бийик, эне ыйык, ал улуу,

Эсиңдеби, энеңерден ким сулуу?!

Эне күлсө бүткүл аалам жаркыган,

Ал муңайса мүмкүн эмес тим туруу!

Алаканы жылуу жумшак сыласа,

Айталбадым мен сыйкырын сураса.

Билем, бирок, андан Асыл ат болбос,

Аздык кылаар алтын менен кураса!

Неля: «Ак сүтүн арнаган алтын апама ыраазычылык билдирем»

Неля да апасына арнап, жакшы сөз жазды. Ал төмөндөгүдөй: “Жараткан себепчи кылып, 9 ай белин сыздатып, ичине бекитип көтөргөн, бул жарык менен көрүшкөнгө жардамчы болгон, мээрими менен ширетип ак сүтүн арнаган алтын апама ыраазычылык билдирем. Айланайын апакем, көп жашаңыз, оорубаңыз! Сиздин көзүңүздөн тамган жаш бакыттан, кубанычтан, сүйүнүчтөн болсо, мен бактылуумун. Бүгүнкү майрамыңыз менен куттуктаймын. Куттуу күндү Кудай кут кылсын!”

«Энекем» аттуу Урмат Үсөновдун ырына обон салган Ильяз Абдыразаков. Бул ырды алгач ырчы Бактыгүл Бадыева ырдап чыккан. Анын аткаруусундагы бул ырды кабыл алып коюңуздар, урматтуу апалар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.