“Кечегиге кейибей жаша куунак, баарынан да улуусу бүгүнкү күн!”

“Кечегиге кейибей жаша куунак, баарынан да улуусу бүгүнкү күн!”

Кандай сонун көк чөптө ак шүүдүрүм,

Андан жакшы кызгалдак ачса гүлүн.

Кечегиге кейибей жаша куунак,

Баарынан да улуусу бүгүнкү күн!” дегендей, ар бир таңдын атканы – майрам, улуу күн. Андыктан “апамды куттуктоого жетишпей калдым” дебей, дагы эле болсо куттуктап, “Менин апам” аттуу рубрикабызга жазып, биздин сайттын почтасына жөнөтүңүздөр!

Ар бир жылдын үчүнчү аптасында Энелердин күнү белгиленип, майрамдалып келет. Дал ушул күнү жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды эстеп, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белек-бечкектерди берүүгө аракет кылабыз. Белек менен кошо жакшы сөздөрдү айтабыз. Айрым журналисттер, окурмандар апаларын куттукташты.

Карлыгач САРНОГОЕВА, Байдылда Сарногоевдин кызы: “Апам ар бир ишке калыс адам”

-Биздин апабыз даанышман, боорукер, жароокер, жөнөкөй, түз басып, түз жүргөн, адамгерчиликтүү, акылдуу, ар бир ишке калыс адам. Өмүрүнүн бүт баарын үй-бүлөсүнө: бизге, атабызга арнады. Бизге жакшы тарбия берди. Апам менен биз сыймыктанабыз. Бар болуңуз, апа!

Бардык аялзатты майрамы менен куттуктап, Байдылда Сарногоев атамдын ырын тартуулайм.

АЯЛ, АЯЛ

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрленбей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

Айбек ЖУСУПБЕКОВ: «Апабыз бизге үлгү, арабызда күзгү болуп келатат”

-87 жаштагы Мусаева Асипаны жана Абдылдаева Сууракан апабызды Энелердин күнү, майрамы менен куттуктайбыз. Чоң апабыз көп бала төрөп, тарбиялап, баарын жогорку билимдүү кылды. Баары ар кесиптин ээси, таланттуу, үй-жайлуу болушту. “Жакшы чыкса келиниң – уулуңду кайра төрөйсүң, жаман чыкса келиниң – өз уулуңа өзүң өгөйсүң” дегендей, чоң апамдын келиндери жаман чыккан жок, жакшы чыкты.

Биздин атабыз – Тынчтык, апабыз — Сууракан. Эки кыз, эки бала ата-энебизден жакшы тарбия алдык. Апам дагы Баян таянемден жакшы тарбия алып, жогорку билимдүү болуп, өз бактысын Кеминден тапкан, бизди баккан. Мээримдүү эне, жакшы жар болуп, бизге үлгү, бир туугандарынын арасында күзгү болуп келет. Бир туугандарына, дегеле жардамга муктаж адамдарга жардамын аябаган, колу ачык, берешен, жароокер, боорукер айым. Энелердин майрамы бир күн менен эле чектелбестен, ар дайым аткан таң майрам менен коштолсун! Апа, ар бир күнүңүз майрам болсун, кучагыңыз гүлгө толсун! Атам экөөңүздөр менен биз сыймыктанабыз, сыйлайбыз! Арыбаңыздар, карыбаңыздар, оорубаңыздар!

Аида НАДЫРБЕКОВА, журналист: “Апамдын агарган чачына салымыбыз бар”

“Апаке, сагынып кеттим сени,

Алтыным, түшүмө кирчи бүгүн.

Бир азга картая түшкөндүрсүң,

Түгөнбөй үйдөгү көп түйшүгүң”,-деп тээ студенттик жылдарда жазыптырмын. Айылга барган сайын апамдын жаны тынбай, улам бир жумушту жасап жатканын көрүп, ичимден көп толгонор элем. Биздин оюбуздагыны аткаруунун аракетин көрүп, өзү ичпесе да, өзү кийбесе да, “балдарым окуп, билим алсын, буттан турсун” деп турар эле. Азыр деле ошондой. Бардык эле камкор энелер сыяктуу ар бир баласын, алардын балдарын, неберелерин ойлоп, кабар алмайынча жай отурбайт.

Апамдын түйшүктөнүп, түндөсү кеч уктап, эртең менен эрте туруп, кайрадан жумушка алышып, чарчаган жүзүнө кичинемден эле таптакыр көнө албай чоңойдум. Колумдан келсе, апамды таптакыр жумуш жасатпасак деп кыялданчумун. Көрсө, турмуш чындыгы таптакыр башка экен да. Эненин түйшүгү бүтүндөй бир үй-бүлөнүн түтүнү булап, балдары бактылуу чоңоюп, коомго кандайдыр бир салым кошконго чейинки жолдо өзгөчө орунду ээлейт тура. Апамдын меш үстүнө нан бышырып жатканы дээрлик күн алыс кайталанчу. Бирибиздин артыбыздан бирибиз чоңоюп, ар бирибиздин кир-когубузду жууп, тамагыбызды жасап, кара жанын карч уруп, ар бирибизди адам болуп кетсе экен деген апамдын эмгеги чоң.

Апам — Кулманбетова Айшабүбү Нарын районундагы Куйбышев айылынын кызы. Таятам Кулманбет бардар киши болгондуктан, дайыма жайлоого малы менен чыгып, апам аттын кулагы менен тең ойноп чоңоюптур. Таятам эркелетип, окутпай, апам үчүнчү класстык эле билим алган экен. Буга өкүнүп: «Балким окусам, башкача адам болмокмун» деп кейип калган учурлары да болот. Ошондуктанбы биздин окуп, билим алып, бир кесиптин ээси болушубузга болгон аракетин жумшады. Апам менен катар атамдын дагы эмгеги көп. Атам контурдун баласы (чоң атам репрессия курмандыгы) делип, апам кулактын кызы (таятам кулакка тартылып кеткен экен) делип, жаш кездеринде көп эле кордукту көрүшкөн экен. Ошонун азабынан атам мугалимдик кесибинде жарытылуу эмгектене албай, өмүр бою колхоздун кара жумуштарында иштеп жүрүп өттү. Апам болсо атама жөлөк болуп, баарыбызды татыктуу тарбиялады. Алардын башынан өткөргөн

күндөрүн угуп отуруп, кээде «биз апамдай чыдамкайбызбы?» деп өзүмө суроо берип, ойлонуп калам. Ооба, апам абдан чыдамкай, кайраттуу адам. 16 жашынан соко кармап, балдарын арыктын жээгине отургузуп коюп, таң заардан апийим тилип, үйдө жарма-токочун жасап, уюн саап, колхоздун бардык жумуштарында иштеген адам. Азыр карылыкка моюн сунуп калса дагы, жардамым тийсин деп неберелерине баш-көз болуп турат.

Мени кыштын кыраан чилдесинде төрөп, төрөгөндөн 3 күн өтпөй таянем каза болуп, «жалгыз кыз болсоң, боз үйдө ким отурат» деп туугандары төрөтканадан чыгарып келишиптир. Таятам бир эркек жана бир кыздуу гана болгон экен. Жаңы эле төрөсө да, таянемди жоктоп боз үйдө отурганынын азабын апам кийин көп тартты. Тишинин баары түшүп, бел оорулуу болуп, буту-колу, айтор… Ошентсе да менден кийин эки инимди жарык дүйнөгө алып келди. Баш-аягы он төрттү төрөдү, азыр он бирбиз. Апам кээде: «Өзүм бир тууганга жарды болуп, балдарым көп болсун деп эле төрөй бериптирмин»,- деп күлүп калат. А биз болсо кубанып: «көп бир туугандуу кылгандыгыңыз бизге жакшы болду»,- дейбиз. Анткени, көп учурларда бир туугандар чогула калып, олуттуу иштерди чече салганга оңой. Бул үчүн бардыгыбыз апама карыздарбыз. Анын агарган ар бир тал чачтарында ар бирибиздин үлүш, салымыбыз бар. Дегеле, энелердин алдында эч бир бала карызынан кутула албаса керек. Балдарынын баарына тегиз карап, чоңойткон эненин эмгегин эч бир бала толугу менен кайтара албас. Апамдын ушинтип бизди төрөп, оорутпай багып, турмуштан өз ордубузду таап кетишибиз үчүн өмүр бою жасаган аракетине, эмгегине миң мертебе таазим кылам.

Апа, энелердин майрамы менен куттуктайм! Дениңиз сак болуп, балдарыңыздын кашында дөөлөттүү карылык сүрүңүз!

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ: “Апам мектепсиз бир да күнүн элестете албайт”

-Бүгүнкү Энелердин майрамы менен өзүмдүн апамды жана бардык апаларды куттуктайм. Жыл сайын ар жуманын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келаткан бул майрам быйыл Ыйык Рамазан айына туш болду. Орозо кармап жаткан адамдардын орозосу кабыл болсун! Биз дагы келинчегим Жазгүл экөөбүз орозо кармап жатабыз, кармап келатканыбызга көп жыл болду. Быйыл бизге кичүү кызым Жазайым кошулду. Апам болсо ден соолугуна байланыштуу кармай алган жок.

Менин апам — Калдымолдоева Уулкелсин Жолдошевна. Жаркылдаган, жароокер апабыз жакында эле 70 жашка чыкты. 1948-жылы Талас районундагы Арал (мурдагы Коммунизм) айылында төрөлгөн. Документине туулган күнү — 26-март деп жазылып калыптыр. Таятамдын айтымында, апам майрам күнү төрөлүптүр. Ошондон улам, туулган күнүн 8-мартта белгилеп келебиз. Апамдын аты дагы ырымдалып коюлуптур, “артынан уул келсин” деген тилек менен Уулкелсин ысымы ыйгарылыптыр. Артынан Сагынбек аттуу ини ээрчитип келиптир.

Апам жогорку билимдүү, кесиби – мугалим, физикадан сабак берет. Өз кесибин  сүйгөндүктөн, окуучулар менен иштегенди жакшы көргөндүктөн, азыркыга чейин мектепте иштеп келет. Мектепсиз, окуучуларсыз бир күнүн да элестете албайт. Мектеп экинчи үй-бүлөсү болуп калгандай. “Жылдын мыкты мугалими” наамынын ээси, советтик доордун адамы. Ошондон улам, баарына так, таза, тазалыкты өтө жакшы көрөт жана талап кылат, неберелерин «такалап» турат. Ушундай апабыз менен биз сыймыктанабыз! Дайыма төрүбүздө бар болуңуз, апа! Дагы бир жолу майрамыңыз менен куттуктайбыз!

Элнура АЛМАЗБЕК кызы: “Апа, эч нерсеге көңүлүңүз оорубасын!”

— Ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени, адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген. “Азаматтын ак таңы – алган жары, өмүрүн улап турган – балдары” дегендей, атамдын алган жарынын, апабыздын аты-жөнү — Ыманбекова Үмүт Райымкуловна.1954-жылы Темировка айлында туулган. Эки кыз, бир уулдун энеси, 8 неберенин чоң апа-таянеси. Тогуз ай түйшөлүп боюна көтөргөн, эрезеге бизди жеткирген апабызды майрамы менен куттуктайбыз. “Жашоодо өмүр менен көңүл кымбат” дегендей, апа, өмүрүңүз узун болуп, эч нерсеге көңүлүңүз, жандүйнөңүз оорубасын, касиеттүү Ысык-Көлүбүз соолубасын! Атам экөөңүздөр төрүбүздүн көркү болуп, жакшылыгыбызда гана жүрүңүздөр!

Назим ӨМҮРАКУНОВ: “Карегимдей асырайын өзүңүздү, калтырбайын эч жерге сөзүңүздү

 

— Менин апам Мария Өмүракунова 71 жашта. Менин апам боорукер, сабырдуу,  акылдуу, сезгич, кайраттуу, чыгармачыл адам. Апамды жана жалпы энелерди майрамы менен куттуктайм. Апама төмөнкү бир сап ырды  арнайм:

Карегимдей асырайын өзүңүздү,

Калтырбайын эч жерге сөзүңүздү.

Жараткандан жалгыз гана суранарым,

Аябастан кенен берсин өмүрүңүздү”.

Швециядан апасына куттуктоо жөнөткөн Саламат

Саламат Калдыбаев көп жылдан бери Швециянын борбору Стокгольм шаарында жашайт. Алыста жүрсө да апасын унутпай, майрамы менен куттуктап, жакшы сөз жазды.

“Апа мен үчүн эң ыйык, улуу адам. Апалар бар, биз барбыз. Аял – эне, аял – эже, аял — алган жар. Сиздер бар үчүн бизде дайым майрам бар деп айтат элем. Апалар, аялзаты биздин коомдун, чөйрөнүн күзгүсү эмеспи. “Бейиш эненин таманында” деген сөз бекер айтылбаса керек. Меккеге апамды жөө көтөрүп барсам да, эне сүтүн актай албасымды билем. 9 ай көтөрүп, тун уйкудан калып бешик терметкен, бапестеп өстүрүп, билим, тарбия берип өз жанынан да баласын артык көргөн — бир гана ЭНЕ деп билем. Апамды колдон келишинче сыйлап, урматтаганга аракет кылам. Бизди жарык дүйнөгө алып келип, мээримин төгүп, таалим-тарбия берип, ушундай даражага жеткирген апама ыраазымын. Аман бол, алтын апам. Апама көп эле белек бергенге аракет кылам. Кээде сурайм, кээде сурабай белек кылам. Жакында эле берген белегим кир жуугуч машина болду. Алдыда да көп белектерим бар, азырынча табышмак боло турсун”,-дейт алыста жашап, иштеп жаткан жердешибиз, мекендешибиз Саламат.

Назима ЖУМАЕВА, журналист: “Апамдын эмгегин эне болгондо билдим”

-Апа деген аты ыйык, ааламдай кең алтын Апаларыбыз ар дайым аман болсун! Апамдын ат көтөргүс түйшүгүн, жоопкерчилигин жана талыкпаган эмгегин жон терим менен сезип, “апа” деген статуска ээ болуп олтурам. “Балам балалуу болгондо билерсиң” деп бекеринен айтылбайт тура. Апам мен үчүн идеалдуу адам, кумир тутам. Ата-энеме болгон сүйүүм чексиз. Аларга алкыш айтып таазим кылам. Ал эми бүгүн апамдын апасы, таянем туурасында кеп козгоп, эмгегин даңазалагым келди. Таянем деп сөз кылсам эле көпчүлүгү чачын ак баскан, бели бекчейген, ал тургай таяк таянган кемпирди элестетишет экен. Менин таянем андай эмес, жапжаш! Таянемдин аты-жөнү — Соноева Зарылкан Жумалиевна, 1952-жылы 30-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу, Ак-Суу районунун Кереге-Таш керемет айылында төрөлгөн. Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайдан билим алган соң, Фрунзе (Бишкек) шаарындагы кыз-келиндер  педагогикалык институтун аяктаган. Эмгек жолун балдар бакчасында жетекчиликтен баштаган. Ысык-Көл совхозунда сельсоветте секретарь болуп иштеген. Кийинчерээк Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайда, андан соң Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетте “педагогика психология” боюнча мугалим болуп үзүрлүү эмгектенген. Көптөгөн сыйлыктардын ээси. Учурда ардактуу эс алууда. Жумуш менен үй-бүлөнү бирдей алып кеткен таянем эки уул, эки кыздын мээримдүү энеси. Төрт баласы тең үй-бүлөлүү, жашоодон орун-очок алышкан. Он небереси жана алты чөбөрөсү бар. Кесиби мугалим болгондуктан сөз кадырын сыйлаган, макал-лакап менен сүйлөп, илим-билимди баалаган адам. Ар дайым накыл кептерин айтып, баарыбызды билим менен сугарып турат. Дагы бир өзгөчөлүгү созолонто сонун ырдайт, ыр жазат. Ошондой эле кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Ар кыл таланттын ээси таянем менен сыймыктанам! Таяне, сизге узун өмүр, кажыбас кайрат каалайм. Бак-дөөлөттүү карылыкка жетиңиз!

Сайра ДУУЛАТОВА, журналист: “Апам сырдашым, муңдашым”

-Менин апам эң жакын кеңешчим, сырдашым, муңдашым. Эмне иш баштасам да апама айтып, ак батасын алам. Апам жоош, оор басырыктуу, жан адамга үнүн жогору чыгарбаган жумшак адам. Айылда да, шаарда да кошуналарга улуу катары акыл-насаатын айтып, аларга үлгү болуп келет. Алардын баары апамды караан тутат. Көпкө көрүнбай калса кадимкидей издешет. Мен үйдүн улуусумун. Кызматыма байланыштуу эки жакка көп чыгам. Ошол учурда апам кызымды карайт. Кызым экөө аябай жакын, сырдашат. Кызым таенесине мага айтпаган сырларын айтат. Апамдын 90 жаштагы апасы, таенебиз бар. Ал киши биздин даткабыз. Үйүбүздүн куту, төрүбүздүн көркү. Алтындай болгон апаларыбыз ар дайым ден соолукта болуп, бакубат турмуш сүрүп, узак жашашсын!

Камчыбек БОСТОН, журналист: “Апам атамдын ордун жоктоткон жок”

-Мен алтындай болгон апамды майрамы менен куттуктайм. Апамдын аты-жөнү — Эсенбаева Рахат. 1957-жылы 16-мартта Өзгөн районунун Зергер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Апам Баатыр эне, 7 уул, бир кыздын апасы, 11 небереси бар. Атам 2014-жылы каза болгон. Атамдын ордун жоктотпой апам бизге аталык да, апалык да милдетти аткарып, мээримин чачып, жол көрсөтүп, тарбиялап келди жана келүүдө. Апама миң мертебе ыраазыбыз. Мээнетин дөөлөткө айлантууга аракет жасап келебиз.

“Бул дүйнөдө бакыт эмне?” деген суроого, мен: «Бакыт — бул ата-эненин көзүнүн тирүүсү, төрүңдө олтурганы” деп жооп берер элем. Ата-эненин көзүнүн тирүүсүндө сыйлап, төрүбүзгө отургузуп, барктап алалы, туугандар! Апа, майрамыңыз менен!

Айгерим КУДАЙБЕРДИ кызы, журналист: “Таянем менен сыймыктанабыз”

-Учурдан пайдаланып, бардык энелерди, өзүмдүн апамды жана таянемди майрамы менен куттуктайм. Орозо кармап жаткандардын орозосу кабыл болсун!

Таянем сегиз баланын апасы, Баатыр эне. 1953-жылы 5-апрелде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында төрөлгөн. Он бир тууган. Мектепте жакшы окуган экен. Союз учурунда, райондук депутат болуптур. “Мыкты ишмер” деп, Сочиге чейин барып келиптир. Таянем жөнүндө кыскача азырынча ушул, жазчу сөз али алдыда. Биз таянебиз сыймыктанабыз, сыйлайбыз. Таяне, майрамыңыз кут болсун, биздин төрдүн көркү болуп жүрө бериңиз!

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.