Аида САЛЯНОВА: “Соттор президенттин сөзүн укпай жатышат”

Аида САЛЯНОВА: “Соттор президенттин сөзүн укпай жатышат”

Мындай сөздү экс-депутат Аида Салянова бүгүнкү Жогорку Соттун чечиминен кийин айтты. Тагырагы, Жогорку сот бүгүн А.Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, А.Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Ушундай чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечиминен кийин БШК Салянованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Эми минтип бүгүн Жогорку Кеңеш күчүндө калтырып отурат. Буга чейин Аида Жеңишбековна да, айрым депутаттар, туугандары, тарапташтары үмүт артып олтурган.

Соттон кийинки сөз

Соттун өкүмүнөн кийин, «Азаттыктын» суроосуна А.Салянова чечим тууралуу мындай деген: “Бул чечимден кийин Жээнбековдун сот тармагы, аны реформалоо боюнча айткан сөздөрүнө ишенбей калдым. Же президенттин сөзү суу кечпейт, соттор анын сөзүн укпай жатышат. Мен акыркы убакытка чейин адилеттик болот деп ишенип жаткам. Акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзам менен жашоо коркунучтуу болуп калды. Бийликтин таянганы эле калпычылар жана ушакчылар болду. Мага каршы күчтүү каралоо кампания жүрдү».

Юридикалык баа былтыр эле берилген

Чынында эле А.Салянова боюнча аябай каралоо жүргөнү аз келгенсип, тээ башынан эле сот туура эмес чечим чыгарган. Райондук сотто эле А.Салянованын иши тууралуу туура эмес иш жүргүзүлүп  жатканын адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп беришкен. А.Салянованын сотунун башынын аягына чейин катышкан адвокат Улан Жумаков юридикалык бааны былтыр эле берген. Аны бу ШИЛТЕМЕден окуңуздар.

«Атамбаевдин буйругу болгон»

Сот кагаз жүзүндө эмес, сөз жүзүндө эле чечим чыгарып койгон. Ошондо эле мындай буйруктун башында андагы президент Алмазбек Атамбаев турары айтылган. Атамбаевдин буйругун кыңк дебей аткарган соттордун бири — Ирина Воронцова. Ал Атамбаевдин жансакчысын актап жиберген. Анын мыйзам чегинде иш алып барбай калганын, соттук териштирүүдө туура эмес жүргүзгөн кадамдарын санап, бүгүн укук коргоочулар алты беттен турган кайрылууну президентке жөнөтүшкөн. Президент И.Воронцова боюнча оң чечим кабыл алат деп ойлойбуз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.