Атамбаевдин жакын адамы Кулматовдун миллиондору жана мурунку орус аялынын фирмалары

Атамбаевдин жакын адамы Кулматовдун миллиондору жана мурунку орус аялынын фирмалары

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, кадры Кубанычбек Кулматов Атамбаевдин бийлигинде жалаң майлуу кызматтарда иштеди. Алсак, ал Бишкек шаарынын мэри, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы, Улуттук Банктын жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Бажы кызматына башчы болуп экинчи ирет барып, ал кызматтан (14-майда) кол жууган.

Ал УКМКга 6 жолу чакырылып, сурак берди. Жыйынтыгында, ага кечээ, 21-майда, УКМК “коррупция” беренесинин 303-бөлүмү боюнча кылмыш иши козгоп,  өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салды. Кулматов болсо бул ишке саясий боек сүртүлгөнүн айтып турган кербези. Кеп саясатта эмес, кеп анын кулкунундагы миллиондорунда болууда. Анда эмесе, сөз башынан болсун!

Кулматовго эмне үчүн иш козголду?

ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча ызы-чууга, Кытайдан алынган акчага Кулматовдун дагы аты аталып келет. ЖЭБди жаңылоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ал суммага “Калыс-Ордо” конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча курулмак. Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш токтоп калып, кийин иш «Айкөл курулуш» компаниясына берилип, мектепти ошолор бүтүргөн. Аларга Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген. Бул боюнча былтыр башкы прокуратура “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону жашырылганын жарыялаган.

УКМК: “Кулматов каражатты мыйзамсыз пайдаланган”

УКМК билдиргендей, Кулматов гранттык каражаттарды (2014-жылы эле) мыйзамсыз пайдаланган. Ал ошол учурда өкмөттөн айланып өтүп, түптүз мэрияга акчаны жөнөткөнгө кудурети жеткен. Андан кийин, өзүнчө «Альто Групп» ЖЧКнын жетекчиси менен алдын ала сүйлөшүп алып, кытайлыктардан 1 млн. долларды түз алганга жетишкен. Мындан тышкары, шаардык капчыктан “Калыс-Ордо” мектебин бүтүрүш үчүн кошумча акча алганга 100 млн. сом каралган. Кулматов болсо мындай каражатты көрбөгөнүн, ал акчаны TBEA компаниясы өзү чечкенин билдирип келет.

Кулматовдо эмне бар жана канча айлык алат?

Kaktus.media К.Кулматовдун иштери боюнча изилдеп чыкты. Орус тилинин кыргыз тилине оодардык. Ал төмөндөгүдөй.

К.Кулматов декларацияга айлык акысы менен батирин гана көрсөткөн. Анын расмий кирешеси ээлеген кызматына жараша өзгөрүп турган. 2011-жылы Бажы кызматынын жетекчиси болуп туруп, 908 миң сом киреше тапкан. Жакындары ошол эле негизги иши боюнча 342 миң сомго ээ болушкан. Кулматов көрсөткөндөй, 2002-2005-жылдары эки батир сатып алыптыр, ал эми 2011-жылы 4,5 млн сомго үй сатып алган.

2013-жылы Кубанычбек Кулматов 400 миң сомго эмгектенген. Ошону менен катар 64 кв. м.аянты бар батирди көрсөткөн;

2014 -жылы Кулматов мэр болуп турган кезинде айлык акысы жылына 552 миң сомду түзгөн (орточо эсеп менен 46 миң сом) Ошол эле квартирасында жашаган;

2015-жылы тапшырган декларациясына ылайык, Кулматовдун кирешеси кыйла жогорулаган. Ал мэр болуп турган учурунда 800 миң сом таап, бирок, мүлкү баягы батир бойдон калган;

Ал эми ошол эле жылдары жакын тууганы 2 млн сом киреше таап, 100 кв.м аянттагы батирге ээлик болуп, «Тойота Прадо» и «Тойота Камри» автомашиналарын сатып алган.

2016-2017-жылдары Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Андагы айлыгы көрсөтүлбөй да, айтылбай да келген. Коммерциялык жашыруун (Кулматов былтыр Жогорку Кеңешке отчет бергени келгенде, анын айлыгына кызыгып депутаттар сураганда, “коммерциялык сыр” деп айтпай, кутулуп кеткен. Ал эми орун басары 70 миңден жогору айлык алаарын айтып, оозду ачырган. Орун басары эле ушундай алса, Кулматовдун айлыгы оңой акча болбосо керек –авт.) сыр катары каралган. Ал канча сыр кылганы менен депутаттар билип алды. Алардын маалыматына караганда, Кулматовдун бир айдагы айлыгы 10-15 миң АКШ долларын түзгөн.

2017-жылы ал бир нече ай Улуттук банктын башчысы болуп, андан кийин, Бажы кызматын жетекчилигине өткөн. Өткөн жыл боюнча, анын декларациясы көрсөтүлгөн эмес. Белгилүү болгондой, Улттук банктын төрөгасы Т.Абдыгуловдун айлыктан тапкан кирешеси 2016-жылы 2 млн 817 миң сомду түзгөн (бул айына 234 миң сом) дегенди билдирет. Демек, Кулматовдун айлыгы ошого тете болгон.

Туугандарынын бизнестери

Кулматовдун бизнеси боюнча расмий маалыматтар жокко эсе. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мурда Максим Гришкевич деген бизнесмен менен “Максико” компаниясынын кош жетекчиси болгон. Азыр ал компания жоюлуп кеткен.

Калп айткан менен болобу, Кулматовдун туугандары бизнесин ийгиликтүү жүзөгө ашырып келет. Бир тууган карындашы Бактыгүл чет элдиктердин катышуусундагы Ayim gulf. фирмасынын жетекчиси.

Мурдагы аялы Наталья Кулматованын 9 компаниясы

 “Кыргызстан” партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наталья Кулматованын 9 компаниясы төмөндөгүдөй:

  1. “Көз карандысыз экспертиза жана баа берүү” ЖЧКнын ээси;
  2. “Гринвейс” ЖЧКнын ( турак үй жана тураксыз имараттарды куруу) – кош ээси;
  3. MNG & Co ЖЧКсы  (каттоосун токтоткон) – Гүлнара Кулматова кош ээлик кылат;
  4.  «Эйжен Хоспиталити» ЖЧКсы (мейманкалар боюнча тейлөө ) кош ээси;
  5. «Ай-Тур & Company Ltd» жабык акционердик коомунун кош ээси;
  6. Баа берүү боюнча, “Кыргыз ассоциациялары” юридикалык тараптардын бирикмесинин (камсыздандыруу жана зыяндын баасын чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенет) – ошого директор;
  7. GIS.kg ЖЧКсынын  (инженерлик кызматтар менен ушул тармактагы техникалык кеңеш берүү боюнча ишмердүүлүк) — кош ээси;
  8.  Rich Group ЖЧКсынын (кеңири таралган товарларды сатуу боюнча агенттердин ишмердүүлүгү) — кош ээси;
  9. «Ак-Марал Виллидж» коомдук бирикмеси  (кыймылсыз мүлктү башкаруу) — кош ээси;

Эмне үчүн бул маанилүү?

1. Кубанычбек Кулматов экс-президент Атамбаевдин азыркы учурда кызматтан алынып жаткан эң жакын адамы катары саналып келет.

2. Салтка ылайык атка минерлердин декларацияларында расмий кирешеси көрсөтүлөт. Ошол эле учурда алардын эң жакын туугандары кирешелүү тармактардын ээси болуп чыгууда. Алыс кетпей эле бир мисал келтирсек, Аскарбек Шадиев. ЖЭБдеги авариядан кийин Кытайдын TBEA компаниясы менен болгон келишимде коррупция болгону ачыкка чыгып калды. Бул иш боюнча УКМК 4 кылмыш ишин козгоп олтурат. Парламент дагы өз баасын берди.

3.“Калыс-Ордо” конушундагы мектеп дал ушул компания тарабынан курулган. Ага Кулматовдун тиешеси бар экенин жогоруда айтылды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.