Депутаттар Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону талап кылышты

Депутаттар Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону талап кылышты

 Жогорку Кеңештин төрт депутаты: Наталья Никитенко, Мирлан Бакиров, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев Жогорку Кеӊеште журналисттерге маалымат-жыйын өткөрүштү. Алар жакында Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдөөчү жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышарын айтышты.

Наталья НИКИТЕНКО: “Маевскийге жолуккан күнү да, убактысы да, орду да дал келбейт

Наталья Никитенконун айтымында, иликтөө учурунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдей турган бир катар жаӊы жагдайлар белгилүү болгон. «Азырынча жаӊы ачылган беш жагдай бар. Эгерде сот иштери кайра каралып калса, дагы башка жагдайлар ачыкка чыгарына күмөнүм жок. Мисалы, кылмыш ишинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Леонид Маяевский менен 2010-жылдын 13-майында жолуккан делет. Мындай болушу мүмкүн эмес. Документтерге караганда, ал күнү Текебаев Конституциялык кеӊешке катышкан, ал эми Чотонов Ош шаарына учуп кеткен. Алардын жолуккан күнү да, убактысы да, орду да дал келбейт», — деди ал.

Мирлан БАКИРОВ: “Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралууга тийиш”

Мирлан Бакиров сот акыйкаттыгынын орношу үчүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш иштери кайра каралууга тийиш экенин белгиледи. «Жаӊы жагдайлар ачылып жатат, аларды жалпы коомчулук билиши зарыл. Дегеле, мындан ары Кыргызстанда бир дагы адам саясий негизде кысымга алынбашы керек», — деди эл өкүлү.

Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Текебаев менен Чотоновдун иши бир жактуу каралып калган”

Мирлан Жээнчороев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши сотто бир жактуу каралып калганын, айрым мамлекеттик органдардан жаӊы документтер түшүп жатканын, демек алар азыр чындыкты айтуудан коркпой калганын билдирди. «Маевский 1 млн долларды Кыргызстанга эки бөлүп алып келгенин айтат. Муну «контрабанда» деп коет. Анда эмне үчүн ал сот жообуна тартылган жок? Биздеги эки революция акыйкатсыз шайлоолор менен адилетсиз соттордон улам келип чыккан. Ошондуктан, юридикалык жактан туура баа берилиши керек», — дейт депутат.

Жанар АКАЕВ: “Текебаевдин ишине юридикалык баа берилүү керек”

Ал эми депутат Жанарбек Акаев азыр коомчулукту жалпы эле «саясий туткундардын» абалы кызыктырып жатканын айтты. «Бийлик алмашты. Эми бийлик оӊолот, адилеттүүлүк орнойт деген ойдобуз. Жаӊы ачылган жагдайлар Өмүрбек Текебаевдин саясий негизде соттолгонун көрсөтүп турат. Ошондон улам, анын кылмыш иши кайра каралып, юридикалык баа берилүүгө тийиш, — дейт эл өкүлү.

Шылуун Маевскийдин айтуусу менен айыпташкан

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотонов «Мегакомго» байланыштуу («коррупция» беренеси менен) айып тагылып, былтыр февралда камалышкан. Аларга орус жараны (шылуун) Леонид Маевский жалган көрсөтмө менен жалаа жапкан. Анын айтуусу менен сот “андан 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагып, сот ар бирин 8 жылга кескен. Учурда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.