“Тапочканы” тил комиссиясынын башчысы которгончо, “чокой” деп спикер которуп салды

“Тапочканы” тил комиссиясынын башчысы которгончо, “чокой” деп спикер которуп салды

Бүгүн Жогорку Кеӊештин отурумунда тил боюнча мыйзамдардын аткарылышын жөнгө салуу максатта мыйзам долбоору каралды. Ага Улуттук тил комиссиясынын башчысы Назаркул Ишекеев катышып, ага орфографиялык  каталар кетип жатканы, өзгөчө көчөдөгү көрнөк-жарнактардын катасын баса белгилеп, оңдоо боюнча эскертүү беришти.

Депутат Дастан Бекешев жарнаманын текстинде орфографиялык ката кетип жатканын айтып, которууда көйгөй жаралышы мүмкүн экендигин баса белгиледи. Котормо боюнча Н.Ишекеевге: “Айтыңызчы, “тапочка сатам” деген кулактандыруудагы “тапочка” деген сөз кыргызча кандай которулат?”,-деген суроо узатты. Дароо жооп бере албаган Назаркул Ишекеев бул сөздүн туура которулушун сөздүктөн карап көрүү керектигин айтты. Аны уялтпайын дедиби, айтор, спикер Дастан Жумабеков: “бул сөздү чокой же бут кийим деп которууга болот”,-деди.

“Мыйзам бузгандарга 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып пул салынат”

Улуттук тил комиссиясынын башчысы Назаркул Ишекеевдин айтымында, жарнактардын туура жазылышын шаарларда мэриянын алдындагы мамлекеттик тил бөлүмү, элет жергесинде айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссиялар көзөмөлдөйт. Мыйзам бузган жактарга адегенде эскертүү берилет. Ал эми жеке жактарга салынчу айыппул 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10000 сом өлчөмүндө каралган. Эгерде жеке жана юридикалык жактар айыппулга макул болбосо, анда ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.