Турсунбек АКУН: “Парламент мурдагыдай болуп судьялардын баарын ураалап өткөрбөй туура кылды”

Турсунбек АКУН: “Парламент мурдагыдай болуп судьялардын баарын ураалап өткөрбөй туура кылды”

Акыйкат институнун мурдагы башчысы, укук коргоочу Турсунбек Акун менен соттор, саясат, президент С.Жээнбеков тууралуу баарлаштык.

— Турсунбек мырза, 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандап, сындап, аягында эки эле судьяны өткөрүштү. Бул эмнеден кабар берет?

— Парламент өз алдынча эрки, күчү бар экенин көрсөткөнүнөн кабар берет. Депутаттар бу жолу купулуна толгондорун өткөрүп, туура кылышты. Дегеним, мурдагыдай болуп келген судьялардын баарын ураалап өткөрүп жиберишкен жок.

Ак үйдүн буйрутмасын аткарып, кара тизмеге кирген Ирина Воронцованын  өтпөй калышына көпчүлүк сүйүндү. А сизчи, бул судья боюнча кандай ойдосуз?

— Негизи Ирина Воронцова мыкты судьялардын катарына кирет. Бирок, анын  жогору жактагыларга жагам деп, алардын тапшырмасын аткарып, саясий заказдарды ишке ашырганынан улам депутаттардын сынына кабылып, аз добуш алып калды.

— Соттордун үстүнөн “сот” болуп жүргөн Манас Арабаев кызматтан кетти. Анын кызматтан кетишине сүйүнгөндөр: “соттор көз карандысыз болуп иштейт” дешүүдө. Эми соттордун үстүнөн эч ким көзөмөл кылбайт деп ишенсек болобу?

— Сотторго көзөмөл кылып, аларга ар кандай тапшырмаларды берип, саясый буйруктарды аткарылышын талап кылган Манас Арабаевдин кызматынан кеткенинин өзү жакшы жышаан. Бул элдин кыжырын кайнаткан нерселерден арылууга аракет жасала баштаганын далилдейт.

“Ушундай адамдарды кызматтан кетирип, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков туура кадамга баратат” деп эле мактап жатышат. Алты айдын ичинде эле алкоого, мактоого татый алдыбы?

— Алты айда мактоого арзыган, элдин ишенимин актоого бел байлаган иштерди жасай алды.

— Мисалы?

— Маселен, “тамырлап кеткен коррупцияны ооздуктайм” деген демилге көтөрүп, аны ишке ашыруунун аракетин көрө баштады. Ошондой эле, тышкы саясатта  салкындап калган мамилелерди калыбына келтирип жатат. Анын бул аракетин баалаган чет элдик президенттер Жээнбековду Путинди тоскондой тосуп алып, абройлуу президенттердей мамиле кыла баштады. Жакшырган мамиленин баары Кыргызстан үчүн пайдасын гана берет деп ойлойм. Жаңы президент акыйкат иш кылууда.

— Акыйкат демекчи, Акыйкатчы Кубат Оторбаев акыйкат издеп, жалган жалаа менен абакта отурган Өмүрбек Чиркешовичке ырайым (помилование) кылуу кайрылуусу менен президентке кайрылды. Аны ар ким ар кандай кабыл алды. Акыйкатчы туура кылдыбы?

— Кубат Оторбаев туура маселени көтөргөнү менен калпыстыкка жол берип, Акыйкатчы эмес, журналистей ойлонуп алып иш жасады. Ошон үчүн анын бул демилгеси түрдүү пикир жаратты. Айтайын дегеним, саясый куугунтуктун азабын жалгыз эле Текебаев тартып жаткан жок. Күнөөсү далилденбесе дагы жалаанын негизинде камалып жаткан бардык саясый туткундардын атын атап, президенттен ырайым кылууну суранса орундуу  болмок. Баары макулдашылып жасалган иш болгондо, Текебаев мунапыстан баш тартмак эмес деп ойлойм.

Мага Кубат Оторбаев Акыйкатчылык кызматка акыйкатчыдай эмес, журналистей мамиле кылып жаткандай сезилет. Ал деле чуу чыккан, нааразычылык болгон жерлерге барып, окуяны жеринде көргөнгө аракет кылды. Бирок, канчалык аракет кылса да чыныгы укук коргоочудай иштей албай жатат. Ага бир эмес, үч жылдан бери парламентке отчёт тапшырып, докладын өткөрө албаганы далил болот. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын Акыйкатчы болуп иштегенге укугу жок. Ал тургай мөөнөтүнөн мурун отставкага кетиши  керек. Биздин Акыйкатчынын кенебестигиненби же депутаттардын кайдыгерлигиненби Акыйкатчы үч жыл катарынан отчётун берип, докладын тапшырбаса да аталган кызматта, баары жайында болгондой иштеп жүрөт. Эгер Кубат Оторбаев ал кызматтан өз эрки менен кетпесе, премьер-министрди ишеним көрсөтпөй кетиргендей, Акыйкатчыга да дал ошол ыкманы колдонушу керек.

— Ал кызматка сиз кызыкдар болуп, кайра келүүгө аракеттенип  келатканыңызды баарыбыз эле жакшы билебиз. Ошондон улам, ушул маселени көтөрүп жаткан жоксузбу?

— Мен кызыкдар эмесмин. Болгону акыйкаттык үчүн айтып жатам. Мыйзамга  шайкеш келбеген мындай иштерди биз айтпасак, ким айтат? Биз Акыйкатчы институтун көз карандысыз кылуу үчүн канчалаган эмгектерди жумшап, ал кызматтын кадырын көтөрүп, укугу тепселгендер маселем чечилет деп ишенип кайрыла турган абалга жеткирип, мамлекетибизде чоң кызматтардын бири кылып койгонбуз. Ошол эмгегибизди адам укугун коргоодон кабары жоктор келип алып, текке кетирип жатат. Чынында акыйкатчылык кызмат тигил же бул кызматы жоктор коно турган, утурумдук аэродром болбошу керек. Ал кызматка табиятынын укук коргоочулар, нары жагынан укугу тебелгендердин укугун коргоого жөндөмдүү адамдар иштеши керек. Болбосо азыркыдай болуп ишин кыйратпаган же бирөөлөрдүн ыгынан чыкпаган институт болуп калат.

Жакында КДК (Кыргызстан демократиялык кыймыл) уюмунун 28 жылдыгы белгиленгени жатыптыр, кандай кылып белгилөөнү максаттап жатасыз?

— Кыргызстанда демократиянын жел аргысын соктурган, демократиялык көз караштагы партиялардын, лидерлердин, коомдук уюмдардын  калыптанышына чоң салым кошкон – КДК. Анын коомдо орду бар, барандуу уюм. Ушундай уюмду уюштуруп, ага болгон энергиясын, мүмкүнчүлүгүн кетирген кишилердин катары суюлуп баратат. КДКнын сап башында тургандардын көпчүлүгү ыраматылык болуп кетти. Ошол нерсени эске алып, КДКга салым кошкондорду, аны жетектегендерди көзүнүн тирүүсүндө сыйлап, аз болсо да мамлекеттик сыйлыктарды ыроолоп койсок ашыкча болбойт эле деген таризде Президенттин аппаратына кайрылдым. Атыбыз катуу угулуп, үнүбүз бийик чыкканы менен каражаттын жоктугу кендирди кесип турат. Ошентсе да, Маданият министрлигинин жыйын өткөрчү залын алып, 100-150 кишинин алкагында, КДКнын 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында турат. Биз күткөн салтанат 26-майда болот.

Маектешкен Айпери АЛТЫМЫШ кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.