Каныкей Эралиева «Кыштак четине» чакырат, келип, көңүл ачып кетиңиздер!

Каныкей Эралиева «Кыштак четине» чакырат, келип, көңүл ачып кетиңиздер!

Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева 28-майда “Кыштак четинде” аттуу театрлаштырылган концерт койгону турат. Тагырагы, К.Эралиеванын М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайындагы окуучуларынын аткаруусунда ретро-концерт-мюзикл “Асанбай Ордосунда”, саат 19:00до болот. Баасы – 200 эле сом. Концертке келип, катышып, айтылуу акын, композитор атабыз Жумамүдүн Шералиевдин ырларын студенттердин жандуу үн менен аткаруусундагы ырын угуп, өнөрлөрүн көрүп, көңүл ачып кетиңиздер!

— Каныкей эже, концерт “Кыштак четинде” деп эмнеге аталды?

— Бул менин концертим эмес, мен ырдабайм. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүндөгү окуучуларым ырдап, сахнада өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Акын, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган “Кыштак четинде” аттуу аталышта ретро-концерт-мюзикл өткөргөнү турабыз. Жалаң Жумамүдүн Шералиевдин ырларынан түзүлгөн мюзикл, театрлаштырылган концертте айылдын жаштары чагылдырылгандыктан “Кыштак четинде” деп аталды.

Сценарийин Гүлжамила Шакирова жазып берди. Студенттерим айылдан келген жаштардын образын сахнада чагылдырышат. Бийлеп, ырдашат. Концерт эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө: айылдан келген жаштар шаарга келип, окуп, өнөргө умтулганы чагылдырылат. Экинчи бөлүмүндө: ретро-концерт-мюзикл коюлат. Жандуу үн менен окуучуларым ырдашат. Эки жолу М.Күрөңкеев окуу жайында премьер жасалды. Ага ата-энелер, туугандарды чакырып, көрсөттүк. Абдан жакшы кабыл алышты.

Концерт коюу да оңой эмес, каражатка барып такалат. КТРКнын тартуусуна төлөйсүздөр дегендей, ал дагы кымбат. Ким демөөрчүлүк кылды?

— Өзүбүздүн акчабызга уюштуруп жатабыз. Билет, афиша, баннер чыгардык. КТРК бекер тартат го деп ойлоп жатам. Себеби, мен “Шайыр апалар” долбоорунда бир жыл эксперт болуп бекер иштедим. “Ушунуңузду эске алып, концертиңизди бекер тартып беребиз” деп КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун айтканы бар. (Күлүп) Өзүмдү эмес, окуучуларымдын өнөрлөрүн тарттырганы турам. Жалындап турган жаштардын талантын, өнөрүн көрүп, баа берип кетиңиздер! Келиңиздер, биз сиздерди 28-майда күтөбүз!

Маектешкен Айгерим КУДАЙБЕРГЕН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.