Атамбаев Алай өрөөнүн Кытайга сатып жибергенби?

Атамбаев Алай өрөөнүн Кытайга сатып жибергенби?

Базарбай МАМБЕТОВ — коомдук ишмер, экс-министр, “Фейсбуктагы” өз баракчасына Кыргызстандагы олуттуу көйгөйлөр боюнча өз пикирин орус тилинде билдирип келет. Бул бийликке болгон кайрылуусунда 2013-жылы Кытай тарап менен биздин өлкө аркылуу өтө турган транзиттик газ түтүгү боюнча келишимдин көмүскөдөгү тарабы айтылганын орус тилинде жазды. Биз кыргызчалап берип олтурабыз. Баса, бул “Компромат kg” жана Финляндияда жашап жаткан журналист Асыран Айдаралиевдин баракчасынан алынды.

“Силер менин газ түтүгүнүн 4-бутагы жөнүндө жазып келатканымды окубай келесиңер. Ал боюнча биздин өлкөгө 75 миллион доллар төлөнөт деген бир да документке бекитилген эмес. Силер айткандай, ал каражат газдын транзити үчүн да эмес. Газдын транзити үчүн аны өткөргөн компанияга төлөнүшү керек, а бизде андай компания да жок.

АША Кытай тарапка 30-40 миллион долларга узундугу 200 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзгөн бүтүндөй Алай өрөөнүн берип койду. Дегеним, газ түтүгүн куруу мезгилинде ал жерде миңден ашык кытай курулушчулары жумуш аткарат, ошол кытай курулушчулардан турган төрт кыштакка жайгаштырылышат. Газ түтүктү жана басым станциясын тейлөөгө өмүр бою 700 кытай эмгектенет. Мындан тышкары да далай нерсеси бар.

Кең Алай өрөөнү туурасынан экиге бөлүнөт. Ар биринин диаметри 1,64 метрди түзгөн газ түтүгүнүн кош багытында кытай аскерлери туруп, эч кимди жакын жолотушпайт. Айта кетсек, бул келишимге АШАнын көрсөтмөсү менен Темир Сариев Кытайдагы сапарында кол койгон, ал эми АША өзү болсо, менимче, Кувейтте жүргөн. Ошондуктан Алай өрөөнүн кытайларга сатылганы боюнча ызы-чуу али алдыда.

АША ижарага дагы эмес, оозеки убада кылынган 30 миллион доллар үчүн жерибизди берип олтурат. Келишим – жашыруун сыр болууда, мындай келишимдердин жолун АША жакшы билет экен. А эмнеге Жогорку Кеңеш аталган документти өздөрүнө алдырганга талап кыла албайт? Бул келишимге тээ 2013-жылы эле кол коюлган”.

Мунун баары далилденсе, бул эмне КОРРУПЦИЯ эмеспи?!

Бул АТА-МЕКЕНди сатуу, миңдеген жылдар бою айтыла турган каргыш!

Анан ушундай киши (АША) Куранды билгени менен мактанып, “Манас” эпосуна түшүндүрмө берип келбеди беле?!

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК), Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМКсы), Башкы Прокуратура, Жогорку Кеңеш мындай кишиге токтоосуз чара көрбөсө болбойт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.