Айтматов боюнча сынак жарыяланып, уулу Элдар Айтматов атасын эстеп…

Айтматов боюнча сынак жарыяланып, уулу Элдар Айтматов атасын эстеп…

“Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен тагдыр буйруп, жолугуп маектештиңиз беле? Же чыгармаларын окуп, кинодон көрүп, таасирленгенсизби? Кайсыл каарман же анын тагдыры, мүнөзү айрыкча эсиңизде калды?” деген суроолор менен “Азаттык” Чыңгыз Айтматов тууралуу эң мыкты дилбаян, сүрөт, видео материалдарга сынак жарыялашты. Шарттары төмөндөгүдөй.

«Залкар замандашыбыздын бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып бере турган аңгеме (макала, блог), сүрөт, видео жөнөтүп, биздин интернет сайтыбызга жарыялап, коомчулук менен бөлүшүңүз.

Эмгегиңизди 1-июндан 31-октябрга чейин azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жибере аласыз. Онлайн сынактын жеңүүчүлөрү ноябрда “Азаттыктын” баалуу белектери менен сыйланат.

Сынактын шарттары: Дил баяндар үч беттен ашпашы керек. “Азаттыктын” веб-редакторлору келип түшкөн материалдарды жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Эгерде сизде уникалдуу сүрөттөр болсо жана алар менен бөлүшүүнү кааласаңыз, анда редакциябызга алып келе аласыз. Биздин кызматкерлер сүрөттөрдү сканерден өткөрүп алып, кайра колуңузга карматышат. Дарегибиз: Бишкек шаары, Фурманов көчөсү, 12.

Улуу жазуучу, ойчул Айтматовдун 90 жылдыгына арналган онлайн сынакка катышып, кыргыз калемгеринин өмүр сабактарын, чыгармаларын, кайталангыс каармандарын кайра бир эске салып жайылтууга салым кошуңуз!»

Айтматовдун айылында…

Сынак жарыялоодон соң, Ч.Айтматовду эскерүүнү жарыялоону туура көрдүк. Залкар жазуучуну айылы эскерген жылы журналист Назира Саалиева Чыңгыз атабыздын айылы Шекерге барып, элеттеги эли, туугандары, адабияттагы каарманынын балдары менен маек курган, аны бул ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен чоңойдук»

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жакында эле Энелердин майрамында Ч.Айтматовдун жубайы Мария Айтматова менен жолугуп, саат тапшырганын, үй-бүлөсү Айтматовдун музейи менен тааныштырган сүрөттөрүн ЖКнын басма сөз кызматы жазып, сүрөттөрүн өздөрүнүн сайтына жайгаштырган.

Анда Дастанбек Жумабеков мындай деген: “Биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу өстүк. Ар бир чыгармасын окуган сайын Чыңгыз ата өтө маңыздуу чагылдырган жаркын дүйнөгө жетеленип, түрдүү ойго чулганасың. Ушул жылы эл жазуучусунун 90 жылдыгын белгилейбиз. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында ири иш-чаралар башталды. Айтматов менен тааныш болгонума сыймыктанам. Аны кыргызстандыктар сыяктуу эле дүйнө эли да урматтап, эскерет. Азербайжанда жүргөнүмдө, ал жактагы боордош элдин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныш экенин жана дайыма эстеп турушарын байкадым”.

Элдар АЙТМАТОВ: «Үй-музей атамды эске салып турат»

Дастанбек Жумабековду музей менен Мария Айтматова жана уулу Элдар тааныштырып, мындай деген: “Үй-музей атамды эске салып турат. Жеке бөлмөсүндө анын кол жазмалары жана басуучу машинкасы сакталган. Бирок атам аны менен иштөөнү жактырчу эмес, баарын апам басчу. Ал эми музейдин бир бөлмөсүндө жазуучунун сүрөттөрү коюлган. Алардын арасында расмий иш-чараларда, кабыл алууларда тартылган сүрөттөр жана  үй-бүлөлүк архивдик материалдар бар”.

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова жакында өткөн “Музейлер түнү” акциясынын алкагында үй-музейге келгендердин санын арбын болгонун: «Биз музейге келгендердин санынын көптүгүнө таңгалдык. Кечээ бизге 500дөй мейман келди. Аларга Россиянын жаш артисттери “Саманчынын жолу” чыгармасы боюнча спектакль тартуулашты«, — деди.

Белгилей кетсек, жазуучунун өзүнүн айылы Шекерге жакынкы аралыкта “Чыңгыз-Ордо” маданий комплексин куруу мерчемделүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Айтматов боюнча сынак жарыяланып, уулу Элдар Айтматов атасын эстеп…

  1. Ырды да кошуп койсонуздар соонун болмок. Менимче Чынгыз Айтматовго арналган ырлар коп болуш керек. Ыр жазуу болгондо мен да катышмакмын.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.