Каргашалуу жүктүн ээси табылдыбы?

Каргашалуу жүктүн ээси табылдыбы?

“АЛАКАНдан”: 2017-жылдын январындагы Дача-СУда кулаган учак боюнча не деген сөздөр айтылбады, нелер жазылбады. Бирок ээси бүгүнкү күнгө чейин аталбай келет. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт кыргыз. Күнөөлүүлөр өз жазасын ала турган күн да алыс эместир. Ал эми экс-президент бул жөнүндө сөз болгондо, кадимкидей туталанып, эч тиешеси жок экендигин кайра-кайра айтып келгени менен, жүктүн ээсин атаганга дарамети жетпеди. Төмөндөгү макала golosbishkeka.com сайтына үстүбүздөгү жылдын 5-майында жарык көргөн. Бирок Атамбаев тараптан да, башкалар тараптан да жооп болбоду. Социалдык түйүндөрдөгү он миңдеген окурмандырыбыздын өтүнүчү боюнча бул орусча жазылган макаланы тек гана кыргызчалап олтурабыз. Калганын тергөө органдары териштирип алаар…

 

Adimlardergisi.com аттуу түрк сайтынын беттеринде 2017-жылдын январь айында Дача-СУ жер тилкесине кулаган Боинг учагы боюнча ызы-чууга тиешелүү Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун документтери ачыкка чыгарылды.

Ал кагаздарда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн кулаган рейске жана ташылган контрабандалык жүккө тиешеси бар экендиги айтылат.

Түрк чалгынчылары “жүк ээсин” былтыр январь айында Атамбаевдин Бейжинге жасаган расмий сапарынан улам изилдөөсүн баштаган. Анын натыйжасында кызыктуу фактыга туш болушкан. Кытайга болгон сапар программасы жана расмий жолугушуулар соңуна чыккандан кийин Атамбаев толук 10 күн бою ММКлардын көзүнөн кайым болуп, жоголуп кеткен. Президенттин Кыргызстанга расмий кайтканы же эс алууда жүргөнү боюнча бир да маалымат айтылбаган.

Алмазбектин изи Гонгконгдон табылган, ал жерде ал саясый тарап катары эмес, жеке тарап катары “ири заказ берүүчү” катары көрсөтүлгөн. Бул жеке сапарында аны АКШда жашаган түрк жараны коштоп жүргөн экен, анын «sesli yilan» (“сүйлөгөн жылан”) деген каймана аты да бар. Бул мырзаны казып көрүшсө, ал көбүнчө түрк мафияларынын жашыруун мыйзамсыз иштеринде ортомчу болгон экен. Акыркы беш жылда кыргыз кримииналдары тарабынан ири көлөмдөгү түрк товарларын жашыруун Кыргызстанга жеткирүү менен алек болгон.

Ал Гонгконгдогу сатып алууларды жана товарларды бажыдан өткөрүүнү камсыз кылып, кырсыктаган учакка тоскоолсуз аба коридорун ачууну да уюштурган. Сөз келгенде атай кетсек, ал түрк учагы атамбаевдик рейс учкан аэропорттон учкан.

Контрабанданын схемасы жөнөкөй эле болгон: түрк учагы Бишкекке май куюу үчүн конушу керек эле. Май куюу учурунда 86 тонна декларациядан өтпөгөн жүк түшүрүлмөк. Ана бош калган учак жолун улантып, Түркияга кете бермек. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму 2017-жылдын 7-февралында Түркиянын президентине (“Эрдогандын өз колуна” деген жарлык менен) атайын доклад жазышкан.

Мындай сценарий акыркы жылдары Гонгконгдон келген жүздөгөн рейстерге пайдаланылган.

Бирок бул жолкусунда иш оңунан чыкпады. Жөө туманга кабылган АСТ Airlines компаниясына тиешелүү Боинг 747-400F (Jumbo Jet) жүк ташуучу учагы Бишкектин четинен жерге кулап олтурат. Учактын алдында калгандардын көбү жаш балдар, эң кичүүсү төрт айлык ымыркай болгон. Үй-бүлөсү менен толук ажалга кабыл болгондор да бар.

Анан он күндөн кийин Атамбаев эл алдына чыкты. Расмий ММКлар президент баланча чиновникти кабыл алды, түкүнчө докладды укту, мындай буйрук берди деген маалыматтарды бере башташты. Бирок бир дагы видеосюжет көрсөтүлбөдү. Алмазбек Атамбаев учак кулаган, кырсык болгон жерде пайда болбоду, телеканалдар аркылуу каза болгондордун жакындарына расмий көңүл айтып да койгон жок. Кийин гана жакындарын резиденцияга чакырып, көңүл айтымыш болду. Анын ичип жатып алганы боюнча эл арасында сөз тараганы эсибизде. Президенттик резиденциядагы булактардан алынган маалыматтар боюнча 16-18-январь күндөрү Кыргызстан президент ичкиликтен чыгалбай, аны дарыгерлер араң 19-январында чыгарышкан имиш.

Себеби кеч билинди.

Кырсык болгондон кийин атайын кызматтар ал жерди курчоого алып, кырсыктын кесепети менен алышкандын ордуна эң биринчи кезекте чачылган жүктү чогултуу менен алек болушкан. Жүктүн негизги бөлүгү ташылып кеткенден кийин гана биринчи расмий маалыматтар бериле баштаган.

19-январь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Гонгконг-Бишкек-Ыстамбул жүк ташуучу учактын рейси аба-жүгү борбору тарабынан тейленбегенин билдирген. Билдирүү боюнча “Манас” аэропортунда ал техникалык конуу гана жасап, май куйдуруп, экипажын алмаштырган, Түркия жарандык авиациясынын талабына ылайык 6 саат учуудан кийин экипаж алмаштырылып турушу керек”.

Муну менен катар кыргыз тараптын билдирүүсүн жокко чыгарып, түрк тарап лайнердеги күйүүчү май Гонгконгдон Ыстамбулга чейин түз учканга жетмегин, экипаж да алмашпастыгын билдирген эле. Баса, түрк авиакомпаниясы билдиргендей, мындай модификациядагы учакка эки учкучту гана талап кылат экен. Экипаждын үчүнчү мүчөсү ким болгонун – авиакомпаниядагылар билбейт экен. Түрк чалгындоосунун маалыматы боюнча, кымбат жүктү белгисиз киши коштоп келген. Кызыгы кыргыз тарап да ушул убакка чейин анын ысымын атабай келет.

Бул тууралуу түрк чалгынынын президент Эрдоганга жазылган докладында дагы айтылат. Анда Боинг кулаган жердеги товарлар кыргыздардын атайын кызматтары тарабынан шашылып жыйналганы келтирилип, жүк Кыргызстандын президенти Атамбаевге жана анын жубайына тиешелүү экендиги айтылат. Түрк Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматына ылайык кырсыкка кабылган учакта бир гана уюлдук телефондор эмес, андан тышкары акчалай каражаттар, компьютерлер, электрондук приборлор, балуу таштар менен балуу металлдар болгондугу айтылат.

Түрк атайын кызматтары кырсыкка кабылган жүктүн жалпы суммасы 250 миллион долларды түзөөрүн белгилешкен. Баанын негизги бөлүгүн телефондор эмес, алтын (алтын чыккан өлкөгө алтын куюлмасы алып келингени эч түшүнүксүз), бриллиант жана накталай акчалар түзгөн, инсайдерлик маалыматтар боюнча бир нече ондогон миллион евро экен.

Мындай жоготуу менен кырсык анын ээсинин  — башкача айтканда, Атамбаевдин “алласын” оозунан түшүрүп, ичип жатып алганына деле ишенип кетесиң. Атамбаев кайгынын айынан арак менен алышып жатканда, коомчулукка эмне айтуу керектигин ойлонуштурулуп, кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да киргизилген эмес. Тирүү калгандарды “атайын кызматтар” издешкен. 21-январь күнү гана Өзгөчө кырдаллдар министрлигинин куткаруучулары урандыларды аңтарып, ала баштаган.

Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да, Алмазбек Шаршенович “аябай кайгыга батканын” айтып, пресс-конференцияда жубайы “капельница алдында жатканын” билдирген эле. Анан уялбастан “ушак тараткандар” деп журналисттерди айыптап, “жалганчы чиновниктерди” күнөөлөп жатып калды.

Мисалы, Бажы кызматынын мурдагы биринчи орун басары Райымбек Матраимовду, элге “Райым-миллион” деген ысым менен белгилүү, аны Атамбаев кыргыз-кытай чегарасындагы контрабанда агымына күнөөкөр катары жар салганга да үлгүрдү. Экс-президент кырсык алып келген жүктү атайын Матраимовго илүү аракети бар окшобойбу. Бирок “Райым-миллион” өзү аны Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дал ушул экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын “досу” Икрамжан Илмиянов сунуштаганын билдирди.

Бажычылардын иши тыкыр каралса, Матраимов бардыгын, аны менен кошо кырсыктаган учак жөнүндө да, Атамбаевдин контрабандалык шылуундугу жөнүндө да көп маалыматтарды айтып береши ажеп эмес.

Ал эми Алмазбек Атамбаев – Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун бир катар документтеринде башкы фигурант катары көрсөтүлүп келе жатат. Ал документтерге ылайык, экс-президент мыйзамга баш ийген жаран эмес эле, кыргыз мафиясынын башында тургандай элес калтырат экен.

Кошумча айта кете турган болсок, түрк тарап тергөө иштерин 2017-жылдын январында кулаган учактан улам эмес, Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз жол менен табылган негизги акча агымын Түркиянын территориясындагы үй-бүлөсүнө тиешелүү компания аркылуу жасап жатканы үчүн баштап олтурат. Мындай өзүм билемдик менен капиталдын легалсыз айланышы менен активдүү күрөш баштаган Анкара буга чыдай албай калган өңдөнөт.

Руслан ОСМОНОВ,  5-май, 2018-жыл, golosbishkeka.com

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.