Камакка алынган Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү болуп, 25 алтын кол саат алынды (ВИДЕО)

Камакка алынган Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү болуп, 25 алтын кол саат алынды (ВИДЕО)

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин иш чарасын Бишкектеги Биринчи май райондук соту карап, тергөө бүткөнчө камакка алган.

Эскерте кетсек, 25-майда Нурбек Айбашев кармалып, ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып тагылып, тергөө жүргүзүлгөн. Тергөөнүн билдирүүсүнө караганда, ал Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз каттоого алууга жол ачып, мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген. Анын үйүн тинтүү жүргүзүлүп, 25 алтын кол саат жана документтер алынды.

Нурбек Айбашевдин үйүн тинтүү учурун ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.