2 жаштагы бала шымына сийип койгону үчүн сабалып, ооруканага түштү

2 жаштагы бала шымына сийип койгону үчүн сабалып, ооруканага түштү
Сүрөт «Турмуш» сайтынан алынды

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы ММКларга билдирди. Алардын айтымында, сабалган наристенин апасы Каракол шаарына жумуш издеп кетип, 2 жашар баласын күйөөсүнүн бир тууган карындашына таштаган. Кечке маал кичинекей баланын катуу ыйлаганын уккан кошуналары чуркап келишип, терезеден аял сабап жатканын көрүшүп, дароо милицияга билдиришкен. Наристе шымына сийип койгондугу үчүн аеосуз сабалганы айтылган.

Учурда таяк жеген бала Балыкчы шаардык аймактык ооруканасында. Дарыгердин айтымында, баланын мээси чайкалып, бети-башы көгөрүп кеткен. Бетинде күйүктүн издери да бар. “Бирөөлөр баланын бетине тамеки баскан же ысык сууну чачып жиберген” деп болжолдонууда. Бул окуя боюнча Балыкчы шаардык милиция бөлүмү тергөө иштерин баштады.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.