Экс-президент Роза Отунбаева дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди

Экс-президент Роза Отунбаева дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди

Дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылган «Apolitical.co» сайты. Аталган сайт гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын тизмесин чыгарды, мындай тизмеге Кыргызстандан экс-президент Роза Отунбаева да кирди. Буга чейин Роза Исаковна тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. Андан сырткары, ал 2012-жылы Евразия фондунун «Bill Maynes 2012» деген сыйлыгына татыган. 2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШнын Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгын алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.