Сапар ИСАКОВ: “Алмаз Шаршеновичтин тапшырмасы боюнча тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турдум» (ВИДЕО)

Сапар ИСАКОВ: “Алмаз Шаршеновичтин тапшырмасы боюнча тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турдум» (ВИДЕО)

Бүгүн кезектеги УКМКнын сурагына келген экс-премьер-министр Сапар Исаковди журналисттер алдынан тосуп алып, Улуттук тарых музейинин оңдоо иштери боюнча суроо беришкенде, ал тарых музейиндеги иштерине тиешеси бар экендигине сүйүнөрүн (буга чейин деле сүйүнүп, тарых музейине куратор болгонун ачык эле айткан-авт.) айтты. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин поручениеси боюнча тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турганын да жашырган жок. Эч жакка качпасын, өз өлкөсүн сүйөрүн “аташкасындай” болуп айтты. Аны өз кулагыңыз менен угуп, өз көзүңүз менен ВИДЕОдон көрүңүз!

Музейди оңдоого мамбюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнгөн

Эскерте кетсек, 25-майда, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Улуттук тарых музейин оңдоо маселесин көчмө жыйында талкуулашкан. Аталган музейди оңдоого бөлүнгөн акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын айтышкан. Алсак, 58 даана жыгачтан жасалган инсталляциянын ар бири эле 600 доллар, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы ачылталган. 28-майда, кечээ күнү, бул маселе боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен кошо текшерүү иштерин жүргүзө баштаганын билдирген. УКМКнын маалыматына таянсак,

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.