Өткүрбек ЖАМШИТОВ, башкы прокурор: “Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдай каралып жатат”

Өткүрбек ЖАМШИТОВ, башкы прокурор: “Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдай каралып жатат”

Мындай пикирин жаңы генпрокурор бүгүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирип, тиешелүү башкармалыктын жетекчисине тапшырма берилгенин кошумчалаган. “Депутаттар «жаңы жагдай» деп беш учурду көрсөтүп, «карап чыккыла» деген өтүнүч менен кайрылган. Ал боюнча атайын башкармалыктын башчысына тапшырма берилип, алар реалдуу түрдө карап жатат. Жыйынтыгы тууралуу тараптарга малымат берилет»,-дейт башкы прокурор. Жаңы генпрокурор жаңы ачылган жагдайларды каратып жатканы жакшы жышаан.

Эскерте кетсек, 21-майда «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракцияларындагы 5 депутат Жогорку Кеңеште журналисттерге жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экендигин баса белгилешкен. Ө.Текебаевдин адвокаттары Генпрокуратурага жаңы жагдайлар боюнча арыз ташташкан. Буга чейин Өмүрбек Чиркешович өзүнүн актыгын, иштин кайра каралып чыгуусун жаңы бийликтен талап кылган. Ал азыр Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө. Аларга «Мегаком» чыры боюнча айып тагылып, былтыр февраль айында камалышкан. Орус жараны, шылуун Леонид Маевский “менден 1 млн. доллар пара алган» деген жалган көрсөтмө берип, анын айтканын сот ишке ашырып, ар бирин сегиз жылдан кескен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.