Албек ИБРАИМОВ: “Кылмыш иши боюнча мен эчтеке уккан жокмун” (ВИДЕО)

Албек ИБРАИМОВ: “Кылмыш иши боюнча мен эчтеке уккан жокмун” (ВИДЕО)

Деп өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча берилген журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартыптыр. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго УКМК Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасы боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган ишканада мыйзам бузуулар болгонун Өмүрбек Текебаев бир жыл мурун айтты эле…

«ТНК Дастан» менен “Дастан Инжинирингдин» келишими…

Ишти тергөөнүн материалдарына караганда, “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева 533 миң 760 долларга 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишимди 2012-жылдын январында түзгөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар экендиги көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Аягында ортодогу айырма 470 миң 360 доллар чыккан. “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факт боюнча тергөө жүрүүдө.

Бул боюнча суроого мэр качып койгон, ал төмөнкү видеодо.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.