Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Атамбаевдин эч кандай кол тийбестиги жок, жоопко тартса болот”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Атамбаевдин эч кандай кол тийбестиги жок, жоопко тартса болот”

КРнын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалган жалаа менен камакта отурганына бир жыл, үч ай болду. Учурда Бишкектеги №47 абакта. Бүгүн Өмүрбек Чиркешовичтин «24.kg» маалыматтык агенттигине орус тилиндеги маеги чыкты, аны кыргызчага оодарып, элге эне тилибизде берип турубуз!

— Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестик макамын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун демилге кылды. Бул документ учурдун талабына туура келеби?

— Алыска барбай эле, жакынкы эле тарыхты эстейличи. Орус президенти Борис Ельцин күтүүсүз кызматынан кетип, бийликти мураскери Владимир Путинге өткөрүп бергенде, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк президенттери келечегине кам көрүп, өз өлкөлөрүнүн башмыйзамдарына шашылыш түрдө өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Кээ бирлери чектөөлөрдү койду, мисалы, бир эле киши эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт, экс-президенттер кол тийбестикке ээ болот деген сыяктуу.

Кыргызстанда мындай жагдай 2003-жылы болгон. Референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алынды. 53-статьянын 2-пунктунда: “Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийбестикке ээ. Кыргыз Республикасынын президентинин укуктарын аткарып жаткан мезгили үчүн ал кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт” деп турат.

Ошол эле статьянын 4-пунктунда мамлекет тарабынан “Кыргыз Республикасынын экс-президентинин, анын жубайынын, бойго жете элек балдарынын жана башка камсыз болууга муктаж үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык жактан камсыз болушу, тейлениши жана коргоого алынары” көрсөтүлгөн.

Аскар Акаев Борис Ельцин сыяктуу мураскер калтырууну ойлонбосо керек, ошондуктан Башмыйзамда экс-президенттин макамын бекитип, өзүнө коопсуз жана камкорлуу келечек даярдаган экен. 2003-жылы июнь айында тийиштүү мыйзам кабыл алынган.

2005-жылы элдик революция болуп, Акаевдин авторитардык режимин кулатты. 2005-жылдагы революциянын эң негизги талабы авторитардык системаны кулатып, Акаев жана айланасында жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу болгон.

Ошондуктан 2006-2007-жылдары экс-президенттин кол тийбестик институту жокко чыгарылган.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кол тийбестик маселеси дале курч турган. Конституциялык жыйын “Кыргызстанда эч кимде кол тийбестик болбошу керек” деген чечим кабыл алган.

Башмыйзамда абсолюттуу кол тийбестик эмес, президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, соттордун салыштырмалуу кол тийбестиги гана каралат. Бул категориядагы тараптар үчүн ишмердүүлүгүнүн көз карансыздыгына кепилдик катары аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууда татаалдаштырылган атайын эреже каралган.

Кайталап коеюн, кээ бир жогорку кызматтагы тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууда атайын эреже каралган. Ал эми экс-президент үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууда татаалдаштырылган атайын эреже каралган эмес. Экс-президент жоопкерчиликке жалпы негизде эле тартылышы мүмкүн.

— Бирок Кыргызстанда “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзам бар, ага ылайык экс-президенттин кол тийбестиги каралган. Эгерде парламент Искак Масалиевдин экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган күндө да, Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнбү? Анткени мыйзам өтүп кеткен мезгил үчүн күчкө ээ болбойт да?

— Келгиле, конституциялык укуктардын негизин эстейли. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түз жүзөгө ашат. Конституциянын негизинде мыйзамдар кабыл алынат, 6-статьяны караңыз. Кыргызстанда бардыгы мыйзам менен сот алдында бирдей – бул 16-статья.

Мындан тышкары, 2010-жылдын 27-июнундагы КР Конституциясын күчүнө киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын 1-статьясында (5-пункт): “Конституция күчүнө киргенченти аткарылып келе жаткан мыйзамдар менен нормативдик-укуктук актылар Конституцияга каршы келбегенде колдонулат” деп турат.

Демек, экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө эреже 2003-жылдагы “КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөнү менен, 2006-жылдан баштап күчүн жоготкон, ал 2010-жылдагы жалпы элдик референдумда тастыкталган.

Укук коргоо жана сот органдары эгерде мыйзам нормалары Конституциянын нормаларына каршы келгенде, Конституцияда көрсөтүлгөндү гана аткарууга милдеттүү.

— Анда Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинен кол жууйт экен да?

— Эгерде укук коргоо жана сот органдары өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевди кылмыш же башка жоопкерчиликке тартуу керек болсо, анда эч кандай жеңилдиктерсиз, жалпы негизде эле жоопко тарта алышат.

Дагы бир жолу баса белгилеп айтып кетким келет – Кыргызстанда абсолюттуу кол тийбестикке ээ эч ким жок.

Кыргызчалаган Назира СААЛИЕВА, Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.