Студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен мугалим кармалды (ВИДЕО)

Студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен мугалим кармалды (ВИДЕО)

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин мугалими пара алып жаткан жеринен кармалды. Аларга аталган университеттин А.А. аттуу студенти тиешелүү органга кайрылып, дипломдук ишин даярдоого жана жактоого К.А. аттуу кафедра башчысы 1500 доллар талап кылып жатканын айтып, мугалимге чара көрүүнү суранган. Видеодо көрүп тургандай, мугалим пара алып жаткан жеринен кармалып, шымынын чөнтөгүнөн миң доллар алынды. Ошол фактынын негизинде мугалим кармалып, ага кылмыш иши козголуп, иликтөөгө алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.