Шадиев кайда экенин, Бабанов менен Мырзакматовдун күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын айтты Сагынбаев

Шадиев кайда экенин, Бабанов менен Мырзакматовдун күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын айтты Сагынбаев

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн ММКларга жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроосуна жооп берди. Жыйында Ө.Бабанов, М.Мырзакматов, А.Шадиевдер жөнүндө суроо берилди.

“Экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов экөөнө тең тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Киши өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алмайынча, мамлекетке келтирилген чыгымдарды толугу менен төлөп бермейинче, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселеси каралбайт. Эртеби-кечпи, эгер күнөөлөрү далилденсе, анда жоопкерчиликке тартылышат. Ал эми Аскарбек Шадиев жөнүндө айта кете турган болсом, ал өлкөдөн чыгып кеткен жок. Эгерде ал мамлекеттен чыгып кеткен болсо, анда ага карата чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш иши козголот. Ага карата акыркы айыптар тагыла элек. Анын мүлкүн камакка алуу тууралуу айта кетсем, анын ишмердүүлүгүн жапкан жокпуз. Бизнес иштеп, киреше алып келиши зарыл. Эгерде Аскарбек Шадиевдин күнөөсү далилденсе, анда анын мүлкү мамлекеттин кирешесине өтөт», —дейт Дамир Сагынбаев.

Андан тышкары, Д. Сагынбаев арам акчасын жашырып калууга аракеттенгендер баары бир жазага тартыларын айтты. Анын айтымында, 1-июлдан тарта укук коргоо жана салык органдары мамлекеттик, муниципалдык, саясий кызматкерлердин 2017-жыл үчүн толтурган декларациясын текшере башташат. Эгер кирешеси менен чыгашасынан ортосунда айырмачылык табылса текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында материалдар прокуратурага жөнөтүлөт. “Декларацияны мурдагыдай кечиктирип тапшырган болбойт, анда жазаланат”, — дейт Сагынбаев. Анын билдирүүсүнө караганда, 1202 кызматкер декларациясын кечиктирип тапшырганы үчүн тартип жазасына тартылганы жатат, аларга жалпы 848 миң сом айып салынды.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 48 миң 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.