Ырчы Жанетта Усупжанова (Бобкова) кичинекей баланы сүзүп кеттиби? (ВИДЕО)

Ырчы Жанетта Усупжанова (Бобкова) кичинекей баланы сүзүп кеттиби? (ВИДЕО)

“Ырчы Жанеттанын унаасы жаш баланы сүзүп кетти” деген аталышта (видео 29-майда)  Ютубга коюлду. Эки күндөн бери социалдык түйүндөгү адамдар кызуу талкулоодо. Айрымдары жаш баланы сүзүп кеткен машина белгилүү ырчы Жанетта Усупжановага (Коомчулукка Бобкова фамилиясы менен белгилүү. Жолдошу менен ажырашып кеткенден кийин бул фамилиядан баш тарткан – авт.) таандык экенин жазып, далил катары ырчынын E 0050 D  үлгүсүндөгү машинанын жанында түшкөн сүрөтүн жайгаштырышты.

“Биз, балам экөөбүз мындай каникулду каалаган жок элек”

Жабыркаган жаш баланын апасы Chinara Djanabulova 26-майда “Черный список” – нам не понравилось” баракчасына көп кабаттуу үйдүн алдында “Лексус-470” үлгүсүндөгү, E 0050 D мамлекеттик номерлүү машина баласын сүзүп кеткени тууралуу жазып, сүрөткө тартып, видеону жайгаштырган. Анын жазганына караганда, жаш баланы сүзүп кеткен машина 60 чакырым сааттан жогору ылдамдыкта келген. Жабыркаган баланын буту сынган, ал ооруканада жатып, операция болгон. “Мен кырсык болгон жерге келсем, айдоочу жолдо тийиштүү белгилер жок экенин айтып, актанып жатыптыр. Баламдын буту сынып, операция болуп, ооруканага жаттык. Бул көрүнүш узак мөөнөттүү дарыланууну талап кылынат. Биз, балам экөөбүз мындай каникулду каалаган жок элек”,-деп жазган жабыркаган баланын апасы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

P.S. Бул боюнча ырчы Жанетта Усупжанова өз чындыгын айтам десе, аны жазууга даяр экендигибизди билдиребиз.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.