Айылга шашкандай тиги дүйнөгө шашып, ата-энесин кайгыга салып кеткен Адилет

Айылга шашкандай тиги дүйнөгө шашып, ата-энесин кайгыга салып кеткен Адилет

Дирилдеген гүлдесте!

Бүгүнкү балдардын майрамында, акыркы коңгуроодо акыркы сапарга кеткен 7 жаштагы Адилетти эстедик. Көкжалов Адилет 25-майда түбөлүк уйкуга кетип, ата-энесин, мугалимдерин, кошуналарын сыздатып кетти… Ата-энеси эмес, биз, кошуналар ишенбей отурабыз. Адилеттен эмне болуп ажырап калганыбызды башынан айтып берели.

ЫБРАЙЫМ: “Караңгыда эмес, жарыкта эле койгулачы”,-деп келинчегим чырылдап жиберди”

Жылдыздуу, жароокер, элпек, акылдуу Адилеттин атасынын айтымында, ал Ысык-Көл облусундагы Тасма айылында чоң ата, чоң энесинин колунда жүрүп, мектеп босогосун аттаарда өздөрүнүн колуна келген. Алар Бишкек шаарындагы “Көк-Жар” жаңы конушундагы № 88-мектепке 1-класска киргизген. Баласынын алгач мектепке барганын атасы мындай деп эскерет:

-Балам экөөбүз кубанып мектепке бардык. Класс жетекчиси: “балаңар айылдан жаңы келсе, шаардык балдарга аралашып, окуп кетүүсү кыйын болот го”,-деп башында чочулаган. Эки айдан кийин, эжекеси балам шаардык классташтары менен бат эле тил табышып, жакшы окуганын айтып кубаткан. Балам жакшы окуду. 1-классты ийгиликтүү  аяктаган. “90 күнгө каникулга айылга кетем. Ата, акыркы коңгуроого катышпай эле коеюн, мени класс жетекчимден сурап алыңызчы. Мугалимге кат жазып берсеңиз”,-деп суранып туруп алды. Баламдын айтканын аткардым. Анан эле балам: «Айылга кетээрибизге 4, 3, 2 күн калды» деп, күн санап, айылга кетүүгө шашып жүрдү. Ошентип айылга жөнөп кеттик. Анын үстүнө менин 20 жылдыгым болчу. 25-майда, капыстан эле кырсык болуп кетип, баламды колубуздан учуруп ийдик. Биз классташтарым менен жолугушууга кеткенбиз. Анан эле кечке маал балабыз жыгылып калып, жаман болуп атканын угуп, келинчегим экөөбүз үйгө жетип бардык. Биз барганда диванга жаткырып коюшуптур. Бети көгөрүп кетиптир. Бирок, денеси жылуу болчу. Дароо эле ооруканага алып жөнөдүк. Ал жерден балабыздын болбой калганын айтып, өлүмүнүн себебин билүү үчүн “соебуз” деп чыгышты. “Кичинекей баламды сойдуруп эмне кылам? Бүтүн эле жерге берейин”,- дедим. Көрсө, балам эчак эле жүрүп кеткен экен. Аны баары эле билиптир, бизге сыр беришпептир.  Адилетимди үйгө алып келгенде да дароо эле “көмөбүз” деп чыгышты. Кечки саат тогуз болсо керек эле. Келинчегим Мээрим: “караңгыдан коркчу балам, караңгыда эмес, жарыкта эле койгулачы”,-деп ыйлап, чырылдап жиберди. Мен да көмүүгө колум барбай, “жок дегенде биз менен бир түн болсунчу”,-дедим…

МЭЭРИМ: “Балабыз 90 күн эмес, 9 күн жаныбызда болгон жок”

-Балам караңгыдан коркчу. Үйдөн түнкүсүн ажаатканага баргысы келгенде мени ойготчу. Такыр ишенбей жатам. 90 күнгө каникулга кетти, айылда, келет деп эле өзүмдү жооткотуп жатам,- дейт Адилеттин апасы Мээрим жүрөктү оорутуп…

-“90 күнгө каникулга келдим” деп айылга барганда кошуналардын баарына кирип, учурашып, айтып чыгыптыр. Алар менен коштошкондой эле болуп калды”,-дейт атасы. Апасы: “90 күн эмес, 9 күн жаныбызда болгон жок”,-деп боздойт. Келинчегин аяган Ыбрайым көзүнүн жашын аарчып алып, андан ары сөзүн улантты:

-Балам футболду, күрөштү жакшы көрчү. Эркин күрөшкө катышчу. Спорт залга өзүм алып барып, алып келчүмүн. Машыктыруучусунан сурасам, “жакшы күрөшүп жатат. Сен көрбөй эле койчу, сен карасаң күрөшө албай калат экен”,-деп мени спорт залдан сыртка чыгарып койчу. Мага эркелечү да. Мага чуркап келип кучактап, эркелеп алчу. Спортту жакшы көргөндүктөн, айылдан футбол ойнойм деп барып көз жумуп отурбайбы… Инимдин айтуусу боюнча, мектептин аянтчасына байкеси менен футбол ойногону кетиптир. Топ алыс жакка тебилип, анын артынан чуркап барып, тээп эле жыгылып калган экен. Байкеси барган кезде үнү кыркырап калыптыр. Айылга шашып барып, тиги дүйнөгө шашып кетти. Ишенбей турабыз,-дейт.

-Айылга кетип жатканда кызым экөөнө жаңы кийим алып бергенбиз. Балам жаңы бут кийимин аяп. кийбей коюптур. Көмгөндөн кийин, «балаңдын кийимдерин таратып кой»,-дешти. Тараттым. Шаарга келгенде да үйгө кирип, кийимдерин көрүп, жыттап, колдонгон идиштерин карап эле отуруп калдык. Адилет жок үй муздак. Үй томсоруп турат. Айылга кетээрде дневнигине 60 сом сурады, «мен айылдан келгенче калбай калат»,-деп. Берсем, сүйүнүп чуркап кетти. Ушунчалык жароокер, боорукер баламдан ажырап калдым. Такыр ишенбейм, ишенбейм!,-дейт Мээрим.

Ыбрайым, Мээрим, Адилетти кайра жараткыла!

Ата-энесин сыздатып кеткен Адилеттин бу дүйнөдө жоктугуна биз, кошуналар дагы ишенбей турабыз. Короодо топ тээп чуркап жүргөн чүрпөнүн чүпүрөккө оронуп, боз топурактын алдында жатканын элестетүү кыйын болуп турат бизге да. Адилет абдан жакшы бала болчу. Баарыбыз жакшы көрчүбүз. Эмне дейбиз, Адилет, жаркылдаган элесиң, күлмүңдөгөн сүрөтүң эстеликке калды.

Жаткан жериң эңкейиш,

Жараткан берсин кең бейиш!

Ыйлаган менен пайда жок,

Курандан башка арга жок!

Ыбрайым, Мээрим, Курандан башка арга жок, кайрат кылгыла. Миллион киши көңүл айтсак да, бөксө жериңерди толуктап бере албайбыз. Адилеттин капилеттен бу дүйнө менен кош айтышып кетиши — өмүр бою арман. Бала жоготуу ата-энеге канчалык азап, оор экенин түшүнүп турабыз, ошентсе да, айтаарыбыз, жашсыңар, Адилетти кайра жараткыла. Кызыңарды бир туугандуу кылгыла!

Нази БОТБАЙ кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.