Абактагы наабайчылар «көтөрүлүштү»

Абактагы наабайчылар «көтөрүлүштү»

“Азаттыктын” жазганына караганда, Кыргызстанда абакта нан жапкандар Бишкекте бүгүн басма сөз жыйынын өткөрүшүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жетекчисин «коррупцияга аралашкан» деп айыпташкан. Алардын айткандарын  “Азаттык” төмөндөгүдөй чагылдырган.

Жаза аткаруу кызматына караштуу «Келечек» ишканасынын алдында тогуз филиал бар. Алар негизинен нан бышырган цехтерди иштетип, жаза өтөө жайларына киргизет. Ошондой эле нанды Кыргызстандын базарларына да чыгарат. Андан тапкан кирешесинин теңинен көбүн «Келечекке» берет.

Булардын ичинен №8, №31, №47, №21 абактардагы цехтерди иштеткен төрт филиалдын директорлору «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жетекчисине нааразылык билдирип чыгышты. №31 филиалдын директору Салтанат Жунушева жетекчиси Жээнбай Темиркановду «тендер өткөрүүдө мыйзам бузган, бир катар коррупцияга жол берген» деп айыптаган.

«Келечек» ишканасынын №47 филиалынын директору Абжалбек Сопубеков болсо жетекчилик тарабынан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бузулганын, ун алуу үчүн «Грин групп» жоопкерчилиги чектелген коому менен кымбат баадагы келишим түзүлгөнүн айтууда: “2017-жылы Темирканов бүт колонияларды картөшкө менен камсыздоо боюнча келишим түзгөн. УКМКнын өкүлдөрү 47-колонияга 28 тонна картошка кирбей калганын таап чыгышты. Ал иш азыр сотто. Жетекчилик картөшкөнү быйыл 4-майда киргизип, ишти калыбына келтирип койгон. Бул коррупция эмеспи? Май айында бизге 19 сом 95 тыйындан «унга келишим түзгүлө» деген көрсөтмө берди. Биз ага каршы чыктык. «Бул жакта арзан ун болуп атса, аны эмнеге 19 сом 95 тыйындан алып, нандын баасын көтөрөбүз» десек, «мен силердин жетекчиңермин, өзүм жооп берем» деди. Ошону менен 1 миллион 200 миң сом мамлекетке зыян алып келип атканда токтотуп калганбыз. Андан кийин ошол эле унду мамлекеттик сатып алуулар порталына 17 сом 23 тыйындан коюп, 17 сомдон ун тапты. Аны 17 сомдон койбой кайра 17 сом 23 тыйындан койду. Мунун 23 тыйынында да өз кызыкчылыгы барбы деп ойлоп атабыз. Жазгы картошка алуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын өндүрүштүк бөлүмүнө келишимдерин алып барды. Картөшкөнүн баасы 26 сом 65 тыйындан деп көрсөтүшөт. Порталда картөшкө сатчулар анын баасын 16 сомдон деп киргизишсе, Темирканов «Араванда соттолгондорду тартып картошка 26 сом 65 тыйындан өстүрүп атканын» билдирет. Бул тууралуу да текшерүү болуп атат. Буга биз ишенбейбиз. 16 сомдон картошка чыгып атса, 26 сом 65 тыйындан алам дегени эмне деген шумдук? Бизде бүт кагаз, документтер бар”.

Ал эми аталган ишкананын директору бул айыпты четке кагып, куру доомат катары баалаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.