Шаар башчылыкка Камчыбек Ташиевдин инисинин талапкерлиги көрсөтүлдү

Шаар башчылыкка Камчыбек Ташиевдин инисинин талапкерлиги көрсөтүлдү

Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы колиция түзүлүп, шаар башчысын шайлоого фракциялар өз талапкерлерин сунушташты. Алсак, КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” фракциялары «Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мураталы Тагаевди көрсөтсө,  «Ата-Журт» фракциясы Шайырбек Ташиевди сунушташты. Ш.Ташиев экс-депутат Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Эскерте кетсек, мурдагы шаар башчысы Салайдин Авазов өткөн айда өз арызы менен кызматтан кеткен. Ага ЖЭБ авариясы боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголуп, 17-апрелде камалган. Ал 2012-2014-жылдары «Электр станциялары» ишканасын жетектеген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.