Турмуштагы Ак Мөөрдүн сүрөтү

Турмуштагы Ак Мөөрдүн сүрөтү

Бул тууралуу балдар жазуучусу, педагог Сулайман Рысбаев агайыбыз жарыялады. Тагырагы, ал “Ак Мөөр” апабыздын сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырып,  мындай деп (эч өзгөртүүсүз берилди -авт.) жазды:

Кадимки Ак Мөөрдүн сүрөтүн көргөн бар, көрбөгөн бар. Анын 30 жаш күлгүндөй курагындагы фото-сүрөтү азыркы Петербургда сакталып турат. Кыргыздын легендага айланган бир кызынын ажарын көрүп койгула.

 

Сулайман агайыбыз жазгандай, ажарлуу апабызды көрүп таңгалдык. “Ак Мөөр” десе эле, анын элесин көпчүлүгүбүз кинодо аткарган айтылуу актриса Таттыбүбү Турсунбаевадай элестетип алганбыз да…

Көрсө, Ак Мөөр апабыз турмушта таптакыр башкача турбайбы…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.