“Дүйнөнүн сулуу айымы” Сания Шакирова каза болду

“Дүйнөнүн сулуу айымы” Сания Шакирова каза болду

“Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 эл аралык сынагына катышып, «Дүйнөнүн сулуу айымы» наамын жеңип алды” деп жакшылыгын жаздык эле. Эми минтип жамандыгын жазып жатабыз. «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси 2-июнга караган түнү жол кырсыгынан көз жумду. Автоавария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгону, айдоочу машинаны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөнү тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов ММКларга билдирди.

30 жаштагы Сания Шакированын артында үч баласы калды. Маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.