Бомба тууралуу суракта жүргөн Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланат

Бомба тууралуу суракта жүргөн Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланат

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин бүгүн Биринчи май райондук соту кароону улантат. 

Эскерте кетсек, Зилалиевге былтыр «Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Эсиңиздерде болсо керек, С.Жээнбековдун инаугурация күнү, президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин ММКлар жазып чыгышкан. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалыматтар чыккан. Бу маселе боюнча, ага былтыр декабрдын башында кылмыш иши козголгон, кылмыш жаза кодексинин 228- беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, ага айып тагылып, иш сотко өткөн.

Кийинчерээк анын жактоочулары Дүйшөнбек Зилалиев бомба тууралуу эмес, форма тууралуу айтканы маалымдашкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.