Бурулайдын өлүмүн президент көзөмөлгө алаары менен 23 милиция жазаланды

Бурулайдын өлүмүн президент көзөмөлгө алаары менен 23 милиция жазаланды

Бүгүн мамлекеттик башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, анын отчетун укту. Премьер-министр “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана милдеттер, “Таза коом” долбоорунун алкагында “Түндүк” программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө ж.б. багыттар боюнча Өкмөттүн ишмердиги кеңири талдоого алынганы тууралуу айтып берди.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылсын!”

Премьер-министрдин отчетунан кийин, президент коомчулукта талкууланып жаткан Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга өзгөчө көңүл бурду. “Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл”, — деген С. Жээнбеков.

АБЫЛГАЗИЕВ: “Жетекчилер жана кызматкерлерге чара көрүлөт”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуя болгон эле күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады. Ал Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

ИИМ иликтөөнү аяктап, 23 кызматкер жоопко тартылды

Президент менен премьер-министрдин чечиминен кийин, ИИМдин ички иликтөө кызматы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча териштирүүнү аяктап, иликтөөнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланды. Анын бешөө милициядан биротоло кетмей болушту, сегизи иштен айдалып, жети кызматкерге эскертүү берилди. Иликтөөнүн жыйынтыгына укуктук баа бериш үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кандуу окуяга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын эки орун басары, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды, анын орун басары ички иштер органдарынын кызматынан биротоло кетирилип, 2-орун басары эскертүү алган. Тергөөчү Э.Кадышев, Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, аталган бөлүмдүн нөөмөттөгү улук тескөөчүсү да иштен бошотулду.

Бурулайдын жакындары милицияларды айыптап, жазалоону талап кылган

Эскерте кетсек, бул кайгылуу, кандуу окуя 27-майда, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө болгон. 20 жаштагы Бурулайды ала качып бараткан баланы милициялар кармаганы менен анын колуна кайра салып беришкен. Тагырагы, экөөн бир бөлмөгө ээн калтырышкан. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бурулай мыкаачылык менен бычактап өлтүрүлгөн. Кол салган бала андан кийин өзүнө кол салган. Кийин эсине келгенде «өлтүргөн эмесмин» деп танып чыккан…

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылып келген. Прокуратура окуя боюнча 316-беренесинин («Шалаакылык») беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Бурулайдын атасынын айткандары…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.