КСДП: “Сапар Исаков үй камагына алынса болмок…”

КСДП: “Сапар Исаков үй камагына алынса болмок…”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, ишенимдүү «баласы», экс-премьер-министр Сапар Исаков камакка алынып, өзү айткандай, өзү да, жактоочуларды да шок болду. Өзгөчө Атамбаев жаман болуп жатат болуш керек…

Сапар Исаковдун камалышы боюнча КСДП үн катты. Тагырагы, аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-премьер-министрдин камалышы боюнча “Спутникке” комментарий берген. Анда ал:«Тергөөчүлөр оор айыптоолорго байланыштуу камакка алууну өтүндү, алар эмне качып кетет деп коркуп жатышабы? Жактоочу тарап үй камагына алууну суранган. Ошондой эле биз дагы Исаковдун төрт баласы жана карыган апасы бар экенин айтканбыз. Бирок сот биздин жүйөлөрдү эске албай, камап салды«, — деген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.